“Медиация” деген сөздүн өзү бул үчүнчү бейтарап жактын жардамы менен талаш-тартыштарды чечүү дегенди түшүндүрөт. Бул түшүнүк өлкөгө 2008-жылы эле кирген, бирок жакшы жайылган жок. Ушул жылдын 22-июнунда гана Жогорку Кеңеш “Медиация жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, Президентибиз 28-июльда кол койду.

Коомчулук арасында жаңы аталыштагы кызматтын эл үчүн пайдасы кандай деген ойлор  жаралбай койбойт. Мындай документтин Президент тарабынан жарыяланган быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылында кабыл алынышы да символикалуу. Анткени, медиациянын мазмуну айтып тургандай, башкы максаты чырлашкан тараптарды элдештирип, маданияттулук менен талаш-тартыштарды чечүү.

Адистердин айтымында, эки тарап тең өз ыктыяры менен медиаторлорго келиши керек, аларды эч ким мажбурлабайт. Эгерде бир тарап макул болуп, экинчи тарап медиаторго барууну каалабаса, анда алар менен иш жүргүзүүгө жол берилбейт.

Белгилей кетсек, бул кызмат Кыргызстанга абдан зарыл нерсе. Азыркы жаңы кабыл алынган жарандык процесстик кодекстин талаптары боюнча адамдар сотко кайрылаардын алдында мамлекеттик алым төлөшү керек. Андыктан медиациянын жардамы менен элдер акчасын да үнөмдөйт, убактысын да азыраак коротот.

Медиаторлор, жарандардын талаш-тартышын сүйлөшүү жолу менен чечүүгө шарт түзүп берип, аларды жараштырат. Өзгөчө, жеке ишкерлердин ортосунда талаш-тартыштар, күрөөгө мүлкүн коюп, акча алууда банк менен кардар ортосунда түшүнбөстүктөр, ошондой эле, үй-бүлөлөрдүн талашын сотко жеткирбей, чечүүгө жардам берет.

Негизи мыйзамды туура кабыл алып түшүнгөндөр үчүн, бул мыйзамдын пайдасы чон. Тараптардын талашын сотко чейин чечүү маселеси сот системасында дайыма актуалдуу болуп келген. Дүйнөлүк практикада, эгерде тараптар элдешип эки тарап тең чечимге ыраазы болсо, бул жетишкендик катары бааланат. Мындай  абалга жеткирүүдө медиаторлордун салымын белгилеп кетсек болот.

“Медиация жөнүндө” мыйзамда  бир катар мамлекеттерде кабыл  алынып, ал өзүнүн жакшы жемишин берип жатат. Мыйзамдын маани-маңызы туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Жамалкан Исакова кыскача  буларга  токтолду:

— Медиация кыргызча айтканда данакерлик, калыстык деген түшүнүктү берет. Бул эзелки убактан бери пайдаланып, эл турмушунда пайда болгон түшүнбөстүктөрдү жана талаштарды жоюуда колдонулуп келген. Тарыхтан маалым болгондой, эл арасындагы кадыр-барктуу инсандар ар дайым эки тарапты айкөлдүккө үндөп келген эле. Ал эле эмес кыргыздын макал-лакаптарында, эпосторунда медиациянын элементтери бар. Ошондуктан бул мыйзам турмушта туура колдонуу табат деген ишеничим чоң.

Мыйзам өзү укуктук талаштарды жөнгө салууда жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүп, өнөктөштүк иштиктүү мамилелерди өнүктүрүп жана иштиктүү карым-катнаштын этикасын калыптандырып, өлкөбүздө медиацияны колдонуунун укуктук негиздерин түзүү максатын ишке ашырат.

Ошондой эле  медиатордун көмөктөшүүсү аркылуу талашкан тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен  укуктук талаштарды жөнгө салууга болот. Бул мыйзам абдан өз учурунда кабыл алынган мыйзам деп эсептейм. Анткени турмушта көрүп жүрөбүз ата-энеси менен балдары, кошуналар бири-бири менен, ал эле эмес өнөктөштөр соттошуп жүрөт. Бирок, булар аягы барып бир тууган, дос боло турчу адамдар. Ошондуктан ынтымакка чакырып, сотко жеткирбөөдө медиатордун жардамы абдан маанилүү.

Башкача айтканда, медиаторлор “кенешип кескен бармак оорубайт” деген мамкалды чечмелейт. Мыйзамдын 3-беренесинде белгиленгендей медиаторлор, ыктыярдуу болуп, бейтарап жана тең салмактуулукту карманып, купуялуулукту сактайт. Андан сырткары тараптар кызматташар  алдында жазуу жүзүндө келишим түзүшөт. Келишимде тараптар медиация жүргүзүү мөөнөтүн жана тартибин бекитишет. Ал эми медиацияны колдонуу мөөнөтү 60 календардык күндөн ашпоого тийиш. Медиация жүргүзүүнүн мөөнөтү тараптардын макулдашуусу менен 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартууга мыйзам жол берет.

Кыргыз Республикасынын “Медиация жөнүндө” мыйзамы 2018-жылдын февраль айында күчүнө киргени турат. Ага чейин ал мыйзамды калктын калың катмарына түшүндүрүүгө , жеткирүүгө багытталган бир топ нормативдик актылар кабыл алынуусу керек деп ойлойм.

Мындай мыйзамдар Россия Федерациясында, Казакстанда мурда эле кабыл алынган жана азыркы күндө ал мыйзамга ылайык иш-аракеттер жүргүзүлүп келүүдө.

Бул мыйзам талаш-тартыштын тараптарынын макулдашууга келип, бири-бири менен болгон мамилелерин жакшы бойдон калтырууга көмөктөшөт.

 

Маектешкен Каныкей Оңолбекова

«Ачык сөз» коомдук маалыматтык гезит №22 (089) 7 сентябрь 2017ж.