Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатарова: “Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк гана эл ишенимин кайтарат”

— Айнура Мелисовна, ар дайым адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту талап кылган бул кесипти тандаганыызга өкүнбөйсүзбү? Төрайымдыкка келгенге чейин бир топ эле электен өтсөүз керек?

— Сот системасында иштегениме 25 жыл болуп калды. Тагдырдын буйругубу, алгачкы эмгек жолум соттон башталган. Тагыраак айтканда, студенттик кезимден эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот отурумунун катчысы болуп иштей баштадым. Кийинчерээк, улук консультант болдум, андан соң соттун арыз жана иш кагаздарын камсыздоо бөлүмүн жетектедим. 2002-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьялыкка дайындалып, 2005-жылга чейин судья, ал эми 2010-жылга чейин адвокат болуп иштегенмин. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна судья болуп дайындалдым.

Мен бул кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм, себеби бул адам тагдырына тыгыз байланышкан кесип, андыктан өтө кылдаттыкты, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту бекем сактоону талап кылат. Чыгарган чечимдеги бир үтүрүң туура эмес коюлса, ал адамдын бүткүл өмүрүнө зыян келтирет, же кийин-кезең элине ак кызмат өтөгөн адамга жол ачат. Экинчиден, коомдогу ар кандай кара ниет, адам өмүрүнө, мамлекетке зыян келтиргендерден тазалай турган кесип. Андыктан мен бул кесибим менен сыймыктанам, ар дайым мыйзамдуулукту бекем кармоого, адилет болууга аракеттенем.

Бул аралыкта бир топ тажрыйба топтой алдым. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрайымдыгына шайлашкан кесиптештеримдин зор ишенимдерин актоого топтогон тажрыйбамды жумшап келем. Чынын айтуу керек, республикабыздын сот системасындагы оор участоктордун бири ушул Биринчи Май райондук соту. Резонанстуу иштердин дээрлик көпчүлүгү да бизде каралаары коомчулукка белгилүү.

— Ушул олуттуу эмгек жолуңузда чыгарган өкүмүңүзгө өкүнгөн жагдайлар болдубу?

— Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотторунда иш көп болгондуктан, судьялар кылмыш иштерин жана жарандык иштерди бөлүп карашат. Силер билгендей, сот өкүмдү кылмыш иштери боюнча чыгарат. Мен эмгек жолумдагы 25 жыл аралыгында көп эле кылмыш иштерин карадым, дайыма мыйзам чегинде өкүмдү чыгарып келдим. Ошол себептен чыгарган өкүмдөрүмө өкүнгөн жагдайлар болгон жок.

Эмгек жолумда жарандык иштерди көбүрөөк карадым, карап да келем. Жарандык иштер негизинен жарандардын талам-тартышы. Ушул себептен, сот чыгарган чечимге баары эле макул болуп калбайт. Себеби талам-тартышта эки тарап, кээде андан көп тарап болот. Мен ишти караганда жана чечим чыгараарда мыйзам талаптарына таянам. Кээ бир учурларда бир аз өкүнүү да болот. Себеби, мыйзамдын баарын адилеттүү деп айтууга болбойт.

А сот — мыйзам чыгаруучу орган эмес, мыйзамды колдонуп гана чечим кабыл алат. Кандай болгондо да сот объективдүү болушу шарт. Мыйзам талаптарын так, туура колдонгондуктанбы, бүгүнкү күнгө чейин чыгарган чечимдериме, ишимди так, туура жана мыйзамдуу аткаруу боюнча аракеттенгендигиме ылайык чыгарган чечимдериме маңызы боюнча өкүнбөймүн.

Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дегендей, көптөгөн жылдан бери аткарып келген жумушумда мен да жаңыламын. Мен биринчи инстанция сотунда судьямын, кандайдыр бир техникалык, процессуалдык же башка жаңылыштык кетирсем, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл иретинде мындай жаңылыштыктар оңдолот. Чечим өзгөрүлөт же жокко чыгарылып, жаңы чечим кабыл алынат.

— Айнура Мелисовна, сиз жетектеген сотто коомчулук арасында чоң кызыгууну жараткан бир топ кылмыш иштери каралса керек. Ошолордун айрымдары тууралуу учкай айта кетсеңиз?

— Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту борбор калаабыздын борбордук аймагында иш алып барат. Себеби, биздин райондо көптөгөн мамлекеттик органдардын имараттары да жайгашкан. Ошол себептен, коомчулук арасында кызыгууну жараткан көп иштер биздин сотто каралат. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи Май районунда жайгашкан, шайлоо убагында комиссиянын аракеттерине даттануу келтирилсе, биздин сотто каралат. Же болбосо, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да Биринчи Май районунда, Коррупцияга каршы кызматы тарабынан тергелген мамлекеттик кызматкерлерге карата коррупциялык иштер да көбүнчө тергөө аяктаган райондо, башкача айтканда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралат. Негизи, коомчулукта талкууга алынган көп иштер бизде каралат.

— Эмгек жолуңузда, өзгөчө төрайым учуруңузда ишти ыксыз создуктуруп, акырында күнөөсүздү күнөөлүү кылып, мыйзамды бузган судьяларга мыйзам чегинде чара көргөн учуруңуз болдубу?.. Дегеле, райондогу судьялардын тартиптик жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча маселе да оюңуздан чыкпагандыр?

— Албетте, кайсы гана ишкана, мекеме болбосун тартип бекем болуусу керек. Тартип жок жерде баш аламандык жана мыйзамсыздык орун алат. Биринчи күндөн тартып Биринчи Май райондук сотунун судьяларынын тартиптик жоопкерчилиги мыйзамга ылайык Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын элегинен өтөт. Соттун төрагасынын (төрайымынын) ошол сотто иштеген судьяларга карата тартип чараларын колдонууга же болбосо жоопкерчиликке тартууга укугу жок. Бирок, райондук соттун судьялары, аппарат кызматкерлери эмгек, аткаруучулук тартипти так сактап, сотко кайрылган ар бир жаранды адептүү кабыл алуу менен иштөөлөрүн талап кылам.

Белгилеп кетчү жагдай, сот системасын реформалоо мамлекеттик концепцияга айланбадыбы. Бул реформалардын алкагында соттун көз карандысыздыгына байланышкан көптөгөн жаңы, иштей турган жоболор кабыл алынды. Мыйзам талаптарын бузган учурда сотторду жоопкерчиликке тартуу механизми да иштеп чыгарылды. Жогоруда айтылган тартип комиссиясы да ошол механизмди ишке ашыруунун каражаты. Ар бир судья мыйзам талаптарын аткарып чечим кабыл алат. Төрайым болуп иштеген бир жыл аралыгында акты кара деп, караны ак деп чыгарылган өкүмдөр көз кырымдан өткөн жок.

— Сиздин оюңузча, соттор эл ишенимин канткенде кайтарып алат?

— Сотторго эл ишенбейт дегенге мен кошулбайм, элдин ишеними сотторго төмөндөп барат десек, балким туура болоор. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан соттук реформалар толугу менен элдин ишеничин кайтарууга да багытталган. Эгемендүү өлкө болгонубузга көп деле убакыт болгон жок. Тарыхый көз карашта 26 жыл — бул демократиялык, элдин бардык катмарынын кызыкчылыктарын эске алган укуктук мамлекет курууга аз эле убакыт болуп эсептелет. Бирок, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алкагында биздин демократиялык жетишкендиктерибиз алдыңкы көрсөткүчтөрдө турат. Жаңы коомдо жогорку укуктук аң-сезим болсо, соттор да коом алдында ишеничке ээ болот. Себеби, ошол эле соттор коомдон чыккан, алар башка мамлекеттен же болбосо белгисиз жактан келген адамдар эмес.

Сотко кайрылгандардын көпчүлүгүнүн укуктары калыбына келтирилип, мыйзамдуу жана адилеттүү чечимдер чыгарылып жатат. Жогоруда белгиленгендей, сотто эки тарап болот. Эки тараптын тең талаптарын соттор бирдей канааттандыра албайт. Утулуп калган тарап ар дайым судьянын чечимине нааразы болуп, даттануу келтирүү менен бирге, коомчулукта соттор жөнөндө терс ой-пикир жараткан учурлар да жок эмес.

Белгилей кетишибиз керек, кээде судьялар окшош ишти эки башка чечип коюшканы да аларга карата элдин ишенимин төмөндөтүүдө. Кандай болгондо да мыйзам чегинде сот адилеттигин ишке ашырып, жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү, социалдык теңсиздикти жоюу. Менин жеке көз карашымда соттор кайсыл гана иш болбосун, ким болбосун, бардык жарандарга мыйзамды бирдей колдонуп, мыйзамдуу гана чечим чыгарганда элдин толук ишенимине татый алат деп ойлойм.

Бактыбек ИМАМАДИЕВ

“Эркин тоо” №109 (2834)

Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик расмий гезити