Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту.

Анда, өлкө башчысы бийликтин баардык бутактары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тынчтыкты бекемдөө үчүн жооп берээрин жана мамлекет менен элдин кызыкчылыгында бирдиктүү, эриш-аркак иштеши керектигин белгиледи. Ал эми, “Жогорку сот системадагы реформаларды улантып, өз ишмердигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздашы керек”-деди.

Пикир алмашуудан кийин мамлекет башчысы жакын арада ар бир бийлик бутагынын артыкчылыктуу маселелерин жана багыттарын терең талкуулоо үчүн өзүнчө жолугушуу өткөрүү ниетин билдирди.