— Айнаш Абдымановна, соттордун кадыр-баркы жөнүндө эл арасында ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Ушул олуттуу маселенин алкагында кандай иш-аракеттер турмушка ашырылды?

— Чынында, эң туруктуу бийлик – бул сот бийлиги. Анткени саясаттан алыс, иши консервативдүү, кабинеттен чыкпай келип түшкөн ишти мыйзам чегинде карап, сот акыйкаттыгын ишке ашырат. Кийинки мезгилде сиздерге белгилүү болгондой сот тутумун реформалоонун алкагында сынактык негизде 70 пайыз соттор жаңыланды. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө Конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жергиликтүү соттун судьясынын кызматын ээлөөгө биринчи жолу талапкерленген жана судьялык иш стаждары жок адамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окуп, квалификациялык экзаменди берүүнүн натыйжалары боюнча берилүүчү сертификатты алгандан кийин гана бош орундарга сынакка катышууга жол ачылат. Ал эми судьяларды тартип жоопкерчиликке тартуу үчүн көз карандысыз коллегиалдык орган катары Кыргыз Республикасынын соттор кеңешинин алдында Тартип комиссиясы иш алып барат. Мындан тышкары, Жогорку Сот тарабынан ар бир соттун ишинин сапатын жана натыйжалуулугун баалоо механизми киргизилген. Бул албетте сапаттуу, адилеттүү чечимдердин кабыл алынышына өбөлгө болот. Бул багытта тиешелүү мыйзамдар да кабыл алынды. Азыркы күндө соттордун жана соттордун аппаратында штаттык бирдикти кеңейтүү зарылчылдыгы бар. Себеби, республика боюнча судьялардын жүктөмү белгиленген нормадан 3-4 эсеге көп. Бул иштин сапатына таасирин тийгизбей койбойт. Андыктан биз ар бир ишти кароодо мыйзамдын негизинде эч кандай кийлигишүүлөрсүз чечим кабыл алынуусуна багытталган чараларды көрүүдөбүз.

— Сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда соттордун материалдык-техникалык базасын жана шарттарын жакшыртуу керек. Бул жагдайда абал кандай?

— Чындыгында сот тутумун реформалоонун алкагында мамлекет тарабынан жакшы колдоолор болуп жатат. Мисалы, 2013-жылы бюджеттин көлөмү 284 млн сом болсо, 2017-жылы 1 млрд 346 млн сомго көбөйдү. Бул каржылоо 4.7 эсеге өстү дегендик. Мындан сырткары, Жогорку Сот өзүнүн макамына ылайык тарыхый мааниси бар имаратка көчүрүлүп, сот залдарыбыз кеңейип, бир эле учурда алты отурумдун өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бир мезгилде аймактардагы соттор жайгашкан имараттардын жетишпегендигинен судьялар ишти өз кызматтык бөлмөлөрүндө карап келишкен. Учурда бул көйгөйлүү маселе чечилип, аймактарда да соттор үчүн имараттар курулуп, айрымдарында ремонт иштери жүрүп, көп функционалдуу имараттарга жетиштик. Кубанычтуу жагдай узап бара жаткан жылы сот тармагында иштеген кызматкерлерибиз үчүн турак жай маселесин чечүү үчүн тогуз кабаттуу эки үйдүн пайдубалы түптөлө баштады. Буйруса 171 кызматкерибиз үйлүү болуп калат. Мына ушундай мамлекеттин камкордугу соттордун көз карандысыз болушуна алып келе турчу факторлордун бири.

— Өлкөдө сот тутумунда болгон реформанын жүрүшү туурасында эмнелерди айта аласыз?

— Өлкөдөгү сот тутумундагы сот реформасынын алкагындагы жетишкендиктерди жана жыйынтыктарды айтаардан мурда, кандай гана инновациялык жана заманбап реформа болбосун коомчулуктун түшүнүүсү, колдоосу жок жүргүзүлгөн реформа максатына жетпейт. 2010-жылы жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен сот тутумун реформалоонун жаңы этабы башталды. Аны менен сот түзүлүшү жана сот өндүрүшү, кадрдык потенциалды күчтөндүрүү, сот тутумун каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоону жетекчиликке алган маселелер, соттордун ишмердүүлүгүн мыйзамдык негиздерин түзүү боюнча чоң жана масштабдуу иштер жүрдү. Бир катар кодекстер жана мыйзамдар кабыл алынды. Азыркы тапта жаңы кодекс жана мыйзамдардын айрымдары күчүнө кирип, соттор тарабынан тажрыйбада колдонулуп жатат. Жогоруда белгилеп кеткендей, сот реформасынын алкагында соттордун окуу борбору сот адилеттигинин жогорку мектеби болуп кайра түзүлгөн. Өткөн жумада биринчи видео-конференция байланышы болуп, анда облустук соттордун жетекчилери менен жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү боюнча маселелерди талкуулап, сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган тийиштүү чараларды көрүү талабы коюлду. Мындан тышкары, жергиликтүү соттор тарабынан ишти кароодо мөөнөттөрүн жылдыруу, жарандардан келип жаткан даттанууларды кароо, соттордун жана аппарат кызматкерлеринин эмгек тартибин сактоо маселеси каралды. Ошондой эле судьялардын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мамлекеттик органдарынын карамагындагы маалыматка жетишүү» Мыйзамын сактоосу, өз убагында соттук актыларды sot.kg сайтына жайгаштыруу, жергиликтүү соттордо калк үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү маселелерин талкууладык. Сот тутумунун жакынкы аралыктагы артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу жана электрондук сот өндүрүшүн киргизүү болуп саналат. Бул өз кезегинде коррупциялык көрүнүштөргө жол бербей, арыз берүүчүлөр менен сот тутумунда иштегендердин ортосундагы байланышты азайтат. Мындан тышкары, убакытты жана каражатты үнөмдөөгө мүмкүн болуп, тараптарга билдирүүлөрдү жөнөтүүдөгү көйгөйлөрдү чечип, соттордун ишин оптималдаштырат. Заманбап технологиялар сот адилеттигин жүргүзүү үчүн колдонулуп, бул багытта башталган иштер жакын арада өз жемишин берет деп ишенем.

— Сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу, судьялардын процессуалдык жана этикалык тартибин жогорулатуу боюнча ой бөлүшсөңүз?

— Албетте, беш манжа тең эмес. Бирок сот тутумунда коррупцияга каршы туруп, жарандардын сотторго болгон ишенимин кайтаруу багыты боюнча 2016–2017-жылдарга карата 37 иш-чаралардын планы бекитилген. Негизгилерине токтоло турган болсом, бул – сот залдарында видеокөзөмөлдөрдүн орнотулушу, ишеним телефонунун уюштурулушу жана sot.kg сайтына жарыяланып жаткан соттук актылар. Ачыгын айтканда башка өлкөлөрдө мындай ачыктык жок. Квартал сайын соттор пландарынын аткарылышы боюнча отчет берип турушат. Аны Жогорку Сот жалпылап, анализдеп, кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугуна баа берилет. Ушул тапта Жогорку Сотто 2018–2020-жылдарга сот тутумунда коррупцияга бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жаңы багыттары даярдалууда. Албетте көп иштерди жасоо алдыда турат.

— Сиздин оюңузча, соттор эл ишенимин канткенде кайтарып алат?

— Жүргүзүлүп жаткан соттук реформалар толугу менен элдин ишеничин кайтарууга да багытталган. Бирок, эки тараптын кыялын бирдей канааттандыруу кыйын. Ошондуктан сөзсүз түрдө жеңилген тарап нааразы болот. Андай кырдаал болгон учурда тиешелүү органдарга кайрылып жооп алса болот. Мен сотторго эл ишенбейт деген сөзгө эч макул эмесмин. Статистикага кайрылалы, быйылкы жарым жылдын ичинде биринчи инстанциядагы сотторго 92 878 иш жана соттук материалдар түшкөн. Булардын ичинен каралганы 76 891. Ушулардын экинчи инстанциядагы сотуна даттанылганы 8 646. Демек, жалпы 100% каралган иштердин жана соттук материалдардын болгону 9,3 пайызы гана экинчи инстанциядагы сотко даттанылып жатат. Калган 90 пайызы судьяларга ишенген үчүн кайра даттанган жок да. Ал эми Жогорку Сотко 3 692 иштер жана соттук материалдар боюнча даттануулар келтирилген, башкача айтканда жалпы 100% биринчи инстанциядагы соттор тарабынан каралган иштердин жана соттук материалдардын болгону 4,8 пайызы гана Жогорку Сотко даттанылып жатат. Демек, мындан сотторго нааразы болгондор канчалык аз экенин байкоого болот. Эң башкысы, соттор кайсы гана иш болбосун бардык жарандарга мыйзамды бирдей колдонуп, мыйзамдуу гана чечим чыгарганда элдин толук ишенимине татый алат деп ойлойм.

— Жогорку Соттун пленумунда кабыл алынган токтомдордун маанилүүлүгүнө токтолуп кете аласызбы?

— Жогорку Сотто өтүүчү пленумдун система үчүн маанилүүлүгүн эске салгыбыз келет. Анткени, дал ушул пленумда кабыл алынган токтомдор бирдиктүү соттук практиканы камсыздоодо негизги орунду ээлейт. Анткени, документ этап-этабы менен изилденип, талкууланып, толукталып, тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөн соң добуш берүүгө чыгарылат. 2015-жылдан бери сегиз токтом кабыл алынды. Алардын бири – “Жашы жетпегендер жасаган кылмыштар боюнча соттук тажрыйба тууралуу”. Белгилеп кетчү жагдай, эл аралык-укуктук принциптердин бири – жашы жете электерге карата жазык-укуктук ченемдерди ийкемдүү колдонуу болуп саналат. Мындай категориядагы иштерди кароодо жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жашоо шарттары, тарбиясы, ден соолугунун абалы жана жасалган жосундардын себептерине байланышкан жагдайлар аныкталууга тийиш. Муну менен бирге, соттор мүмкүн болушунча жашы жетпегендердин кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын камсыздоого көмөк көрсөтүп, адилеттүү жаза белгилеп, жыйынтыгында соттун иши жаңы кылмыштарды жасоону алдын алууга багытталышы керек. Ал эми, 1-декабрдагы Пленумдун отурумунда эки маселе боюнча токтом кабыл алынды. Алар – “Адам өлтүрүүлөр жөнүндөгү жана саламаттыкка оор залал келтирүүдөн жабырлануучунун өлүмүнө алып келген иштер боюнча соттук практика тууралуу” жана “Банкроттук (кудурет- сиздик)” жөнүндөгү Мыйзамын колдонуу тажрыйбасынын кээ бир маселелери тууралуу”. Айта кетсек, сот реформасынын алкагында Жогорку соттун Пленумунун статусу болушунча жогорулаган. Эгер токтомдору буга чейин сунуштук мүнөздө гана болсо, мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөрдөн кийин, бардык соттор үчүн милдеттүү болуп калган. Буга чейин бир нече жолу белгиленгендей, Пленумдун чечимдери бирдиктүү сот практикасын түзүүдө маанилүү роль ойнойт.

Бактыбек ИМАМАДИЕВ

“Эркин Тоо” гезити