Жакында Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун имараты капиталдык ремонттон толук өткөрүлүп, колдонууга берилди. Сот тутумун материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатуу жана сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү – Сот реформасынын багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева өлкөнүн аймактарындагы соттордун иштери, абалдары менен жеринен таанышып чыкты. Кыдыруу учурунда Токтогул райондук сотунда да болуп, райондук сот жайгашкан имарат бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей турган деңгээлде экендигин көрүп, бул көйгөйлүү маселени Соттор кеңешинде карап, капиталдык ремонттон өткөрүүгө макулдук алынган. Кыска мөөнөттө ремонттолуп бүткөрүлгөн райондук сот жайгашкан имараттын расмий ачылышына катышкан Жогорку соттун төрайымы: “Максат оңдоп-түзөө десе эле актап сырдоо эмес, эң башкысы, сот имараттарын иш алып барууга ыңгайлаштырып, эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү”, — деп белгиледи.

Белгилей кетүүчү жагдай, өлкөнүн бардык аймактарындагы сот имараттары ремонттолуп, имараты жок жерлерге жаңылары курулууда. Токтогул райондук сотунун имаратында сот ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө, өзгөчө эл үчүн бардык шарттар түзүлдү. Эми, келген тараптар жылуу жерде процессти күтүп, сот залдарында ишти кароого катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш кагаздары бирдиктүү терезеге киргизилип, ыңгайлаштырылды. Мындан сырткары судьяларга, алардын жардамчыларына, сот отурумдарынын катчыларына байланыш жана аларга кирүү да чектелди. Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун сот аткаруучусу Кумарбек Торогелдиевге Президенттин энчилүү сааты тапшырылды.

Бактыбек ИМАМАДИЕВ

«Эркин Тоо» гезити