Сот бийлигинин кадыр-баркы көп жагынан сот адилеттиги жүргүзүлүүчү шарттарга да тыгыз байланыштуу. Ушул маанилүү маселенин алкагында өлкөдөгү сот имараттарын ремонттон өткөрүү, аларды заманбап техникалар менен жабдуу иштери кызуу жүрүүдө.

«2014-2017- жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасы боюнча аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында өлкөнүн бир катар аймактарындагы соттордун имараттары жаңыланып, ремонттолуп, пайдаланууга берилип жатат. Алсак, жакында Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун имараты толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, колдонууга берилди.

Ушундай эле иштер Нарын облустук сотунда дагы улантылып,  Нарын облустук сот департаменти кошумча 11 иш бөлмөсү менен толукталса, Кочкор, Жумгал жана Ат-Башы райондорундагы сот имараттары да толук капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө.

Ал эми Каракол шаардык сотунун имаратында кайра пландоо иштери жүргүзүлдү. Учурда Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунда имарат ичиндеги оңдоо-түзөө иштери 70%га бүткөрүлүп, имараттын сыртын жасалгалоо иштери аяктоо алдында турат.

1968-жылы курулган, бирок имаратты оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөн Кызыл-Адыр айылындагы Кара-Буура райондук сотунун имаратын  оңдоп-түзөө үчүн 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Соттор Кеңешинин чечими менен мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Учурда Манас райондук сотунун имарат ичиндеги капиталдык ремонт иштери да аяктап, тосмолорду орнотуу жана имараттын короосуна күзөт бөлмө куруу иштери аяктоо алдында турса, Жогорку сотко караштуу Сот департаменти жаңыланган имаратка кирип, жаңы дем-күч менен иштешүүдө.

Чындыгында, сот тутуму бийликтин бир бутагы болгон соң, өзүнүн бийик статусуна ылайык имараттарда жайгашып, иштөө үчүн бардык шарт менен камсыз болууга тийиш.

Бактыбек Имамадиев

“Эркин Тоо” гезити