2018-жылдын 6-7- февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапардын алкагында, Баткен, Ош жана Жалал-Абад областарынын сотторунун жыл жыйынтыктоочу жыйындарына катышты, — деп маалымдады Жогорку Соттун пресс-кызматы.

Жыйындардын жүрүшүндө областык соттордун жана биринчи инстанциядагы соттордун 2017-жылдагы иштери боюнча маалыматтар угулду.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева областардагы айрым судьялардын  кемчиликтерине токтолуу менен, кээ бир фемида өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин дагы белгилеп өттү.Төрайым жергиликтүү соттордун судьяларына сот адилеттигине жетишүүнүн сапатын жогорулатып, ишти кароодо судьялар тарабынан негизсиз мөөнөтүн жылдыруу, же болбосо өз убагында карабай жаткан сыяктуу бир катар мүчүлүштүктөрдү жоюуну талап кылды.

А. Токбаева каралган иш боюнча соттук актыларды илбей туруп, судьялар “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө ” мыйзамды бузуп жаткандыгын эске салды.

Мындан тышкары Төрайым судьяларды жана соттордогу аппарат кызматкерлерди   эмгек тартибин сактоого чакырды.

А. Токбаева жергиликтүү сотторго  учурда Жогорку сот тарабынан сот  ишмердүүлүгүнө алдыңкы технологияларды киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандгын маалымдады. Айта кетсек, азыркы убакта бардык областык соттордо жана Жогорку соттун өзүндө видео байланыш орнотулуп, ал аркылуу бир катар маселелерди ыкчам түрдө чечүүгө, бирдиктүү сот практикасын  иштеп чыгуу, жергиликтүү соттор менен түз кеңешмелерди өткөрүүгө болот.

Жыйындын жүрүшүндө  Сот департаментинин областык башкармалыктарынын башчыларынын маалыматтары дагы  угулуп, алардын аткаруу документтерин  ишке ашыруусу жана жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелери  каралды.

Айнаш Токбаева башкармалыктардын башчыларына республикадагы соттордо калк үчүн бардык шарттарды түзүп берүү, күтүү залдарын, жашы жете электер үчүн  бөлмөлөрдү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сотторго кирүүсүн камсыз кылуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

kyrgyztoday.org