2018-жылдын 6-7-февраль күндөрү Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапардын алкагында Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарынын сотторунун жыл жыйынтыктоочу жыйындарына катышты. Жыйындардын жүрүшүндө областтык соттордун жана биринчи инстанциядагы соттордун 2017-жылдагы иштери боюнча маалыматтар угулду. Өз кезегинде Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева областтардагы айрым судьялардын кемчиликтерине токтолуу менен бирге кээ бир фемида өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин дагы белгилеп өттү. Төрайым жергиликтүү соттордун судьяларына сот адилеттигине жетишүүнүн сапатын жогорулатып, ишти кароодо судьялар тарабынан негизсиз мөөнөтүн жылдыруу же болбосо өз убагында карабай жаткан сыяктуу бир катар мүчүлүштүктөрдү жоюуну талап кылды. Мындан тышкары, Төрайым судьяларды жана соттордогу аппарат кызматкерлерин эмгек тартибин сактоого чакырды. А.Токбаева жергиликтүү сотторго учурда Жогорку сот тарабынан сот ишмердүүлүгүнө алдыңкы технологияларды киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. Айта кетсек, азыркы убакта бардык областтык соттордо жана Жогорку соттун өзүндө видео байланыш орнотулуп, ал аркылуу бир катар маселелерди ыкчам түрдө чечүүгө, бирдиктүү сот практикасын иштеп чыгуу, жергиликтүү соттор менен түз кеңешмелерди өткөрүүгө болот. Жыйындын жүрүшүндө Сот департаментинин областтык башкармалыктарынын башчыларынын маалыматтары да угулуп, алардын аткаруу документтерин ишке ашыруусу жана жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелери каралды.

Бактыбек ИМАМАДИЕВ

“Эркин Тоо” гезити