2018-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда Талас областынын жергиликтүү сотторунун 2017-жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жыйын өттү.

Ага Талас областтык сотунун төрайымы Клара Калиева, төрайымдын орун басары Токтосун уулу Каныбек, Талас областтык соттун судьялары, биринчи инстанциядагы соттордун төрагалары, судьялары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын жетекчиси катышышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Талас областтык сотунун кылмыш иштер жана администрациялык укук бузуулар боюнча, жарандык иштер боюнча, экономикалык жана администрациялык иштер боюнча соттук коллегиялардын докладдары, жергиликтүү соттордун 2017-жылдагы ишмердүүлүгүнүн 2016-жылга салыштырмалуу статистикалык маалыматтары жана сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү чагылдырылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева, айрым судьялардын кемчиликтерине токтолуп, сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууну,  соттордо каралып жаткан иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө каралуусун камсыз кылууну, ишти кароону негизсиз создуктурбоону, соттук актыларды өз убагында жарыялоону, эмгектик тартипти сактоону талап кылаарын белгиледи.  Ошондой эле, төрагалардын иштерди тегиз бөлүштүрүүсүн, иштерди кароодо процесстик укук ченемдердин сакталышын талап кылды.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө Адилет Чакиевдин маалыматы угулду. А.Токбаева башкармалыктын жетекчисине аткаруу документтердин  өз убагунда жана ыкчам аткарылуусун, жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүүнү талап кылды.

Талас областтык сотунун төраймы Клара Калиева жыйындын соңунда, сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда укуктук-ченемдик актылардын талаптарын кынтыксыз аткарууга чакырды.

 

                                                           Талас областтык сотунун

басма-сөз катчысы