Бүгүн, 2018-жылдын 21-февралында Талас облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда «Эне сүтү денени азыктандырат, эне тили жан дүйнөнү азыктандырат» деген темада эне тил күнү өткөрүлдү. Иш-чараны Талас облустук сотунун төрагасынын милдеттин аткаруучу Токтосун уулу Каныбек ачып, анда ар бир улут өз эне тилин кадырлай билүүсү жана өркүндөтүүгө карай тынымсыз аракеттерди жасоосу керектиги, дүйнө жыл сайын бир канча тилдер жоголуп жатканын көрсөттү.

Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун, Э. Ибраевдин, А. Осмоновдун жана башка улуу акын жазуучулардын эне тили жөнүндө бир катар ырлары жана учкул сөздөрүн, аны менен бирге эле эне тилдин кадыр баркын көтөрүүгө багыталган маселелер талкууланды.

Эл аралык күнгө арналып «Эне тилим-эне сүтүм» темасында кыска метраждагы видео ролик көрсөтүлүп, андан соң Талас облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери өлкөбүздөгү эне тилге көңүл буруу жана атайын убакта эле эмес ар күнү тил маселесине кайрылуу зарылчылыгын белгилешти.

Иш чаранын жыйынтыгында Талас облустук сотунун төрагасынын милдеттин аткаруучу Токтосун уулу Каныбек жалпы облустук соттун эмгек жамаатына жана уюштуруучу топтун мүчөөлөрү болгон Бирисманов Максат, Теңшербаев Узак, Токтосунов Чынгыздарга ыраазычылык билдирди.

1999-жылдын 21-февралында – ЮНЕСКО тарабынан эл аралык эне тил күнү катары белгиленген.

 

Талас облустук сотунун  басма-соз катчысы