Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Айбек Давлетов Европа кеңешинин Венециалык комиссиянын регионалдык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Сергей Кузнецов, Европа кеңешинин Венециалык комиссиянын долбоорунун координатору  Зара Гаспарян жана Кыргыз Республикасындагы шайлоолор боюнча Венециалык комиссиянын долбоорунун консультанты  Гульмира Маматкеримова менен жолугушту.

Жолугушуу Европа кеңешинин Венециалык комиссиясынын делегациясынын  Европа Биримдигинин  колдоосу алдында  Кыргыз Республикасында шайлоо системасын өнүктүрүү  чөйрөсүндөгү долбоорду ишке ашыруунун алкагында өттү.

Тараптар жарандардын шайлоо укугун ишке ашыруу, шайлоо талаш-тартыштары жана шайлоо системасын өнүктүрүү жаатында  Кыргыз Республикасы менен Венециалык комиссиянын  мындан аркы кызматташтыгын талкуулашты.