Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2018-жылдын 28-февралындагы Пленумундагы судья Б.Аманалиеванын баяндамасы

Урматтуу  Пленумдун катышуучулары,

Сиздердин карооңуздарга “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин укук ченемдерин соттор тарабынан колдонуунун кээ бир маселелери жөнүндө” токтому сунушталууда.

Бул токтомдун иштелип чыгышы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2018-жылына карата иш планына киргизилбеген. Ошондой болсо да бул маселенин каралышы бүгүнкө күндө актуалдуу болууда.

Баардыгыныздарга белгилүү болгондой административдик сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Конституциясында сот өндүрүшүнүн бир түрү катары каралган.  Бирок, административдик иштер боюнча сот өндүрүшүн жөнгө салган өз алдынча мыйзам же кодекс  буга чейин жок эле. Административдик иштер боюнча сот өндүрүшү 1999-жылкы Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 26-главасында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелеринин негизинде жүргүзүлүп келген.

Административдик-укуктук мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча административдик сот өндүрүшүнүн тартибин, ошол талаш-тартыштарды сотто кароонун жана чечүүнүн процесстик принциптерин жана эрежелерин камтыган Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-январындагы №6 Мыйзамы менен кабыл алынып, жаңы Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси менен бир бир учурда 2017-жылдын 1-июлунан тартып колдонууга киргизилди.

Андан бери кыска мөөнөт өткөндүгүнө карабастан, аталган Кодекстин укук ченемдерин колдонуу боюнча жергиликтүү соттордо айрым бир суроолор пайда болууда. Андыктан Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин укук ченемдерин бирдиктүү жана туура колдонууну камсыз кылуу максатында Жогорку Соттун Пленумуна бул токтомдун долбоору сунушталып жатат.

Пленумдун токтому административдик соттук өндүрүш тартибинде кандай иштер каралууга жатаары, мындай категориядагы иштер боюнча административдик доогер тарабынан милдеттүү түрдө талаш-тартышты сотко чейинки тартипте чечүү аракети жүргүзүлүүсү талап кылынаары, административдик доону берүүнүн мөөнөттөрү жана анын сот тартибинде каралышынын  мөөнөттөрү, прокуратура органынын мындай өндүрүштөгү иштерге кирүү жана катышуу тартиби, административдик ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартиби, соттук кароонун жаңы түрү болгон жазуу түрүндө жүргүзүлүүчү соттук процесстик өзгөчөлүктөрү жана тартиби, соттук чыгымдарды тараптардын ортолорунда бөлүштүрүү,  процесстик мажбурлоо чараларын колдонуу тартиби жана дагы башка суроолор  боюнча түшүндүрмөлөрдү камтыйт.

Пленумдун токтомунун долбоору жергиликтүү сотторго  жиберилип, алардан долбоор боюнча бир топ сунуштар жана сын-пикирлер келип түштү.

Келип түшкөн сунуштар жана сын-пикирлерди эске алуу менен долбоор кайрадан иштелип чыгып, Жогорку Соттун Илимий-консультативдик Кеңешинин талкуусуна коюлду.

Токтомдун долбоору Илимий-консультативдик Кеңеште талкууланып, андагы сунуштарды эске алуу менен дагы кошумча иштелип чыкты.

  1. Сиздердин карооңуздарга сунушталып жаткан токтомдун айрым бир жоболоруна токтоло турган болсок, административдик сот өндүрүшүнүн негизги маселеси бул жеке адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын жана юридикалык жактардын административдик-укуктук (жалпы-укуктук) мамилелер чөйрөсүндөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын административдик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан бузулуусунан коргоо болгондуктан, пленумдун токтомунун 1-пунктунда административдик иштерди маңызы боюнча туура чечилишинин жана өз убагында каралышынын негизги шарты бул иштерди даярдоодо жана соттук териштирүүнү жүргүзүүдө административдик процесстик кодексинин укук ченемдерин так сакталышы болоору баса белгиленди.
  2. Каралып жаткан Пленумдун токтомунун бир пункту менен прокурор тарабынан мамлекеттин, жана чөйрөсү аныкталбаган жактардын кызыкчылыгында административдик доо менен сотко кайрылууда, же АПКнын 43-беренесинде көрсөтүлгөн жактар тарабынан мындай доо берилүүдө, ал доодо мамлекеттик кызыкчылык эмнеде тургандыгынын негиздемеси, чөйрөсү аныкталбаган жактардын кандай укуктары бузулгандыгы, ошондой эле мыйзамга же башка укуктук актыга шилтеме камтылышы зарылдыгы, ал эми доо жогорудагы жактар тарабынан жарандын кызыкчылыгында берилген учурда, анда жаран доону өзү кое албастыгынын негиздемеси камтылууга тийиш экендиги, муну менен бирге сотко арыз берүүгө ал жарандын макулдугун ырастоочу документ тиркелиши керектигине соттордун көңүлдөрү бурулду. Эгерде жогорудагы жагдайлар доо арызда камтылбаган учурда, анда доо арыз Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде кайра доогерге кайтарып берилүүгө жатаары, ал эми административдик доо сот өндүрүшүнө кабыл алынгандыгы орун алса, анда аталган Кодекстин 188-беренесинин 3-пунктусунун негизинде доо кароосуз калтырылууга жатаары каралууда.

Пленумдун токтому менен административдик иштер боюнча, жарандык иштерден айырмаланып, өз алдынча талабы болгон үчүнчү жак болушу мүмкүн болбогондугу белгиленип, үчүнчү жактар ишти кароонун жыйынтыгы менен кабыл алынган соттук акты менен алардын укуктары бузулган шартта доогердин же жоопкердин тарабында гана ишке тартылууга жатаары белгиленүүдө.

  1. Пленумдун токтомунун өзүнчө пункту менен административдик-укуктук (жалпы укуктук) мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча административдик доо менен кайрылуу тартиби чагылдырылып, анда административдик доогер тарабынан сотко чейин Кыргыз Республикасынын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамында каралган административдик актыларга, административдик органдардын аракеттерине (аракетсиздигине) сотко чейинки даттануу тартиби сакталган учурда гана сотко кайрылуу мүмкүндүгү пайда болоору белгиленди.

Ошол эле учурда, сотко чейинки даттануу тартиби прокурорго  карата жайылтылбагандыгы көрсөтүлдү. Мындан тышкары, административдик актынын жокко чыгарылышы менчик ээсинин эркинен тышкары мүлкүн алып коюуга алып келиши мүмкүн болгон учурда, ал административдик акт аны кабыл алган же андан жогору турган административдик орган тарабынан жокко чыгарылбай тургандыгы, жана мындай учурда административдик актыны сотко чейинки даттануу тартибинин сакталышы талап кылынбагандыгы, административдик акт сот тартибинде гана жараксыз деп табылууга тийиш экендиги түшүндүрүлүүдө.

Ошондой эле сотко чейинки талашты чечүүнүн тартиби административдик органдын, же кызмат адамынын андан жогору турган органы же кызмат адамы болбогон учурда да талап кылынбагандыгы белгиленди.

Токтомдо жаңы Кыргыз Республикасынын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамынын талаптары бул мыйзам күчүнө киргенден кийин кабыл алынган административдик актыларга карата жайылтыларына көңүл бурулууда.

  1. Токтомдун бир пункту менен КР АПКнын 20-статьясы боюнча түшүндүрмө берилип, анда административдик иштер боюнча соттук териштирүүгө даярдык көрүү баскычында судья тарабынан алдын ала айтылган укуктук пикир, эгерде андай пикир ишти кароонун мүмкүн болгон жыйынтыгын камтыбаса, судъянын өзү ишти кароодон баш тартуусуна же андан баш тартууга негиз болбой тургандыгы белгиленди.
  2. 5. Токтомдун кийинки пункту менен жаңы колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси менен мамлекеттик алымды алуу тартиби өзгөртүлгөндүктөн, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 84-беренесинин талабына ылайык мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамда белгиленген өлчөмдө доогер мамлекеттик алымды төлөөдөн мыйзам тарабынан бошотулган учурларды кошпогондо, доо сотко берилгенге чейин мамлекеттик алым алдын ала төлөнүп, бул тууралуу тийиштүү документ доого тиркелиши керектиги, мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу боюнча маселе сот тарабынан административдик доону өндүрүшкө кабыл алуу учурунда чечилип, бул тууралуу сот өз алдынча аныктама чыгарууга тийиш экендиги, ошондой эле административдик соттук өндүрүштө мамлекеттик алымдарды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу же кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү каралбагандыгы баса белгиленүүдө.
  3. Токтомдун 8 пунктусунда Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси менен соттук процесстик катышуучулары жана башка жактар ишти кароо мезгилинде процесстик милдеттерин аткарбаган учурда кайсыл процесстик мажбурлоо чараларды колдонуу соттук отурумдун протоколуна киргизүү менен чектелүүгө жатары, ал эми кайсы чаралар боюнча өз алдынча аныктама чыгаруу керектиги белгиленди.
  4. Токтомдун өзүнчө бир пунктусу менен Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 241-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык биринчи инстанциядагы соттун иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө жана доону кароосуз калтыруу тууралуу аныктамасы 10 күндүк мөөнөттө эмес, ушул эле Кодекстин 213-статьясынын 2-бөлүгү менен аныкталган 30 күндүк мөөнөттө даттанууга жатаары көрсөтүлдү.
  5. Мындан тышкары Пленумдун токтомунда Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин жоболоруна ылайык административдик доо кыймылсыз калтырылышы мүмкүн экендиги белгиленип, соттор тарабынан административдик доо процесстик мыйзамдын кайсыл талаптары сакталбаган учурда кыймылсыз калтырылып, кемчиликтерди оңдоо үчүн мөөнөттүн узактыгын аныктоодо доо берген адамга кабарлоо жана кемчиликтерди оңдоого жетиштүү убакыт чектелиши керектиги көрсөтүлдү. Ошону менен бирге, доогер тарабынан доону кыймылсыз калтыруу үчүн негиз болгон жагдайлар четтетилбеген учурда, анда укуктук кесепет катары доо ага тиркелген бардык документтер менен доогерге кайра кайтарылууга тийиш экендиги белгиленди.
  6. Пленумдун токтому менен ишти өз убагында кароо жана туура чечүүнү камсыз кылууда ишти соттук териштирүүгө карата даярдоо баскычы чоң мааниге ээ экендиги жана бул баскыч милдеттүү болуп эсептелингендиги белгиленип, анын мөөнөтү доо соттун өндүрүшүнө кабыл алынган учурдан тартып эки айдан ашпоого тийиш экендиги, соттор ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 123-беренесинде көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүргүзүү керектиги чагылдырылды.

Ошону менен бирге, иш үчүн зарыл болгон документтер (далилдер) алдын ала соттук отурумга чейин, ошондой эле алдын ала соттук отурумда же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө да берилиши мүмкүн экендиги белгиленүүдө.

Андан тышкары, токтомдо алдын ала соттук отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 189-беренесинин негизинде соттук отурумга талаптагыдай кабарландырылгандыгына карабастан доогер келбеген учурда доону кароосуз калтырууга жол берилбегендиги тууралуу түшүндүрмө берилүүдө. Ошондой эле, бул пунктуда ишти соттук териштирүүгө карата даярдоо баскычында доогер тарабынан административдик доону берүү мөөнөтү жүйөөсүз себептерден улам өткөрүлгөндүгү аныкталса, бирок соттун сунушуна карабастан, аны калыбына келтирүү өтүнүчү келтирилбесе, сот иш боюнча башка жагдайларды иликтебестен иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама кабыл алууга укуктуу экендиги чагылдырылууда.

Ошондой эле ишти соттук териштирүүгө карата даярдоо боюнча тийиштүү иш-аракеттер аткарылгандан кийин алдын ала соттук жыйналыштан иш боюнча соттук териштирүүгө түздөн-түз киришүүгө соттук жыйналышта катышып жаткан тараптардын макулдугу менен гана жол берилээри түшүндүрүлүүдө.

 

  1. Пленумдун токтомунун өзүнчө пунктусу менен административдик иш эки түрдө: оозеки же жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндө) процесс тартибинде каралышы мүмкүн экендиги белгиленип, жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс ишти мындай кароо тууралуу өтүнүч доогер тарабынан берилип, ал эми процесстин башка катышуучулары ишти кароонун ушундай тартибин колдонууга каршылык билдирбеген шартта гана колдонулууга тийиш болгондугу түшүндүрүлүүдө. Иш жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартипте каралган учурда, сот оозеки териштирүү жүргүзбөстөн жазуу түрүндөгү далилдерди иликтөөнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл ала тургандыгы белгиленүүдө.
  2. Андан тышкары, административдик иш боюнча чечим кабыл алууда сот доогердин укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбагандыгы, же болбосо анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар түзүлбөгөндүгү аныкталган учурда, талашылып жаткан актынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын аракетинин (аракетсиздигинин) мыйзамдуулугуна баа бербестен административдик доону канааттандыруусуз калтырууга укуктуу экендигине соттордун көңүлү бурулду.

Сиздерге сунушталып жаткан Пленумдун токтомунда камтылган маселелер Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин укук ченемдери соттор тарабынан бирдиктүү  колдонуулушуна, административдик иштер туура жана өз убагында каралып, чечилишине өбөлгө болот деген ишеничтебиз, андыктан долбоорду колдоп коюуңуздарды сурайбыз.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!