КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ

 

 

2018-жылдын  28-февралы                                                              Бишкек шаары

№4

«Соттук чечим жөнүндө»

 

Жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча чечим кабыл алууда процесстик укук ченемдерин туура колдонуу боюнча сот тажрыйбасын кароодо соттор тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин  ченемдери негизинен туура колдонулуп  жаткандыгы көрүнөт.

Ошону  менен бирге айрым катачылыктарга жол берилип жатат. Укуктук талаш мамилелерге соттор тарабынан туура эмес баа берилген учурлар кездешет. Мисалы, эмгектик же үй-бүлөлүк мамилелерге жарандык укук ченемдери колдонулган, же укук ченеминин колдонулушунун эрежесин мейкиндикте, убакытта же жактар боюнча туура эмес колдонулган учурлар дагы жок эмес.

Соттук чечимди кабыл алууда олуттуу ката болуп процесстик каталарга жол берүү же  процесстик укуктук нормаларды туура эмес колдонуу эсептелет. Соттун чечимин жокко чыгарууга алып келген процесстик укук бузуулар болуп Кыргыз Республикасынын  Жарандык процесстик кодексинин 341-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын  Административдик-процесстик кодексинин 233-беренесинде көрсөтүлгөн учурлар  эсептелет.

Соттор тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексинин (мындан ары текст боюнча КР ЖПК, КР АПК) укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзам ченемдерин туура жана бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу максатында соттук чечимдерди кабыл алууну регламенттештирүүдө, ошондой эле жарандык, административдик жана экономикалык  иштер боюнча сот өндүрүшүндө бир нече өзгөчөлүктөр жана айырмачылыктарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 2-пунктун жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Пленуму токтом кылат:

 

  1. Жарандык, административдик жана экономикалык иштер боюнча сот актылары чечим, буйрук, аныктама жана токтом түрүндө кабыл алынаарына соттордун көңүлдөрү бурулсун.

Биринчи инстанциядагы соттун иштин маңызы боюнча кабыл алынган актысы  чечим  болуп саналат (КР ЖПКнин 198-бер.) (КР АПКнин 171-бер.).

Иш маңызы боюнча чечилбеген учурда, сот актысы аныктама түрүндө чыгарылат (КР ЖПКнин 224- бер.) (КР АПКнин 191-бер.).

Талашсыз талаптар боюнча соттун буйругу чыгарылат. Алардын толук тизмеси КР ЖПКнин 246-беренесинде камтылган жана мазмуну боюнча КР ЖПКнин 251-беренесинин талаптарына жооп берүүгө  тийиш.

КР ЖПКнин 200, 202-беренелеринин, КР АПКнин 173, 175-беренелеринин талаптары боюнча соттук чечим чыгарууда чечилүүчү маселелердин түзүлүшү жана мазмуну тийиштүү сот өндүрүшүнө милдеттүү түрдө жооп берүүгө  жатат.

КР  ЖПКнин 12-беренесине жана АПКнин 6-беренесине ылайык, сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу сот өндүрүшү, эреже катары, доо берилген тилде жүргүзүлүүгө жатаарын жана соттук актылар ишке катышкан жактарга сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилде тапшырылышы керектигин соттор эске алуусу керек.

Апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттордун соттук актылары биринчи инстанциядагы соттун  чечими  түзүлгөн тилде даярдалууга тийиш.

  1. 2. Соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш (КР ЖПКнин 199-бер.) (КР АПКнин 172-бер.).

Процесстик укук ченемдеринин талаптары сакталып жана ушул укук мамилелерине колдонула турган материалдык мыйзамдары колдонулуп, айрым зарыл учурларда, шайкеш келген мамилелерге колдонулуучу мыйзамды жетекчиликке алып, ошондой эле жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарда камтылган ак ниеттүүлүк, аң-сезимдүүлүк жана адилеттүүлүк боюнча жалпы принциптери сакталып  чыгарылган чечим мыйзамдуу деп эсептелинет.

Чечимди кабыл алууда соттор Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерди, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдерин, сот тажрыйбасы боюнча түшүндүрмө берген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын мыйзамдар менен башка ченемдик укуктук актыларды  Конституцияга ылайык келбейт деп тапкан чечимдерин жетекчиликке алуусу зарыл  экендиги сотторго түшүндүрүлсүн.

Сот Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз (КР Конституциясынын 101-бер).

Эгерде ишти кароодо сот колдонууга жаткан  мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун аныктоо боюнча маселе пайда болуп жана андан иштин туура чечилиши көз каранды болсо, анда сот иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына суроо-талап менен кайрылууга милдеттүү (КР ЖПКнин 215 -бер.) (КР АПКнин 182-бер.).

Чечимде ушул иш үчүн мааниси бар, таандык болушу жана жол берилүүчүлүгү, ошондой эле аныктыгы жөнүндө мыйзамдык тиешелүү талаптарга жооп берген далилдер менен ырасталган фактылар чагылдырылганда жана соттун тастыкталган фактылардан келип чыгуучу толук тыянактары камтылганда чечим негиздүү деп эсептелет (КР ЖПКнин 64, 68, 69, 70, 76, 199 -бер.) (КР АПКнин 50, 52, 53, 54, 55, 172-бер.).

  1. Чечим киришме, сыпаттама, жүйөлөмө жана резолюциялык бөлүктөрүнөн турат (КР ЖПКнин 202-бер.) (КР АПКнин 175-бер.)

Мыйзамда белгиленген чечимди түзүүнүн  иретин соттор так сактоосу зарыл.

Чечимдин киришме бөлүгүндө чечим чыгаруунун убактысы жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, соттун курамы, сот жыйналышынын катчысы, тараптар, ишке катышуучу башка жактар жана алардын өкүлдөрү, талаштын предмети жана билдирилген талап көрсөтүлөт.

Эгерде ишке өкүл катышса, анда анын кимдин кызыкчылыгын көздөгөнү жана ыйгарым укугун  аныктаган документи көрсөтүлүшү зарыл.

Эгер юридикалык жак иш боюнча тарап катары катышкан болсо, анда алардын аталышы мамлекеттик каттоодогу документтерине ылайык көрсөтүлөт.

Чечимдин киришме бөлүгүндө талаш-тартыштын бардык процесстик аракеттерин жана мурда кабыл алынган соттук актылардын резолюциялык бөлүктөрүн келтирүүнүн кажети жок.

Чечимдин сыпаттама бөлүгүндө доогердин талабы, жоопкердин каршы пикири, ишке катышкан башка жактардын түшүндүрмөлөрү, ошондой эле чечимдин бул бөлүгүндө доонун негизин же мазмунун (предметин) өзгөртүү, өлчөмүн төмөндөтүү же көбөйтүү жөнүндөгү жагдайлар камтылууга тийиш. Тосмо доо арыз кароого кабыл алынган учурда, анын талап-мазмуну да көрсөтүлүүгө жатат. Үчүнчү тарап доо талап койгон учурда, ал боюнча дагы талаптар көрсөтүлүүгө тийиш.

Чечимдин сыпаттама бөлүгүндө да талаштын  бардык процесстик аракеттерин жана мурда кабыл алынган соттук актылардын резолюциялык бөлүктөрүн келтирүүнүн кажети жок.

Сот актысынын сыпаттама бөлүгүндө тараптардын жазуу түрүндөгү түшүндүрмөлөрү  үчүнчү жактан көрсөтүлүүгө жатат.

Чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө сот актыларына коюлуучу жалпы (мыйзамдуулук, негиздүүлүк) аныктаган процесстик укук ченемдерин формалдуу көрсөтүүгө жатпайт, анткени алар соттук ар бир талаш-тартышка жана соттук чечимге маанилүү болуп саналат.

Чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө сот тарабынан иш боюнча аныкталган жагдайлар укуктар жана милдеттер жөнүндө соттун тыянактары негизделген (фактылар), далилдер, соттун тигил же бул далилдерди четке каккан жүйөлөрү сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана  башка ченемдик укуктук актылар көрсөтүлүшү керек.

Соттун чечиминде жетекчиликке алынган мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актылардын беренелери, бөлүктөрү, пункттары жана ченемдик укуктук актылардын башка  түзүмдүк бөлүктөрү так көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде укук ченемдердин ортосунда карама-каршылыктар (коллизиялар) болсо, анда сот чечиминде мыйзамдын чечүүгө колдонулган укуктук ченемди тандоосун түшүндүрөт.

       Ошону менен бирге ченемдик укуктар толук цитата катары келтирүү кажетсиз,  түздөн-түз талашка тиешелүү гана бөлүгүнө басым жасалуусу  тийиш.

Чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө утулган тараптын аргументтерине баа берилүүсү керек. Утулган тараптын аргументтерин же көз карашын колдоо укуктук ченемдик  актыларга же иштеги камтылган  далилдерге карама-каршы келгендиги чечимден ачык көрүнүп туруш керек.

Бир эле учурда иш жүзүндөгү жагдайларды ырастоочу жана жокко чыгаруучу бири-бирине карама-каршы келген далилдер болгон учурда, сот тарабынан чечимде иш жүзүндөгү жагдайлардын аныкталгандыгы же аныкталбагандыгы тууралуу жүйөлөр жана  кабыл алынган же четке кагылган жагдайлар келтирилиш керек.

Эгерде сот чечимин кабыл алууда айрым эсептөөлөрдү жүргүзүү талап кылынса, анда  толук эсептөөлөр, колдонулган формулалар, так арифметикалык аракеттер ж.б. көрсөтүлүшү керек (мисалы: 17500 сумманын 20% эсептеп чыгаруу үчүн: 17500*20/100=3500).

КР ЖПКнин 202-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык, жоопкер доону моюнга алган учурда соттун чечиминин жүйөлөмө бөлүгүндө жоопкердин доону моюнуна алынгандыгы гана көрсөтүлүшү мүмкүндүгүнө соттордун көңүлдөрү бурулсун. Алдын ала сот жыйналышында жоопкер доону мойнуна алган учурда сот иш боюнча башка факты жүзүндөгү жагдайларды иликтөөсүз доону канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алат (КР ЖПКнин 154-бер 7-б.) (КР АПКнин 126-бер 3-б.).

Эгерде административдик иш боюнча административдик доо моюнга алынган учурда соттун чечиминин жүйөлөмө бөлүгүндө жоопкердин мындай аракеттеринин мыйзамдуулугу жана башка тараптардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбагандыгы боюнча негиздер келтирилиш керек. Ошол эле учурда административдик акт менен административдик доогердин укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбагандыгы аныкталган болсо, соттун чечиминин жүйөлөмө бөлүгүндө ошол эле жагдай көрсөтүлөт. Ушундай эле чечим алдын ала сот  жыйналышында да чыгарылышы мүмкүн (КР АПКнин 126-бер).

КР ЖПКнин 370-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттун актысы ушул соттун актыларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча күчүндө калтырылган учурда, кассациялык инстанциядагы сот өзүнүн чечиминин жүйөсүн көрсөтүүгө милдеттүү эмес.  Бул учурда кассациялык инстанциядагы сот даттануу берилип жаткан соттук актылардын негиздемелерине макул экендигин көрсөтөт.

Тараптардын өз ара макулдашуусунун негизинде никени бузуу жүргүзүлгөн учурда, никени бузуу жөнүндө иш боюнча соттун чечими киришме жана резолюциялык  бөлүктөрдөн турушу мүмкүн (КР ЖПКнин 202-бер. 8-п.) Жубайлар ортосунда талаш болгон учурда, соттун чечиминде иштин жагдайлары баяндалып, тараптардын жүйөлөрү жана каршы пикирлери көрсөтүлүп, кабыл алынган чечимди жүйөлөштүрүү талап кылынат.

Соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө кабыл алынган чечимдин маңызы, чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө аныкталган жагдайлардын негизинде доонун ар бир келтирилген талабы боюнча доону канааттандыруу же доодон толук же айрым бөлүгүн канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө соттун тыянагы, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү, чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби камтылууга тийиш.

Чечимдин резолюциялык бөлүгү сөзмө-сөз аткаруу баракчасына көчүрүлгөндүктөн, анда өндүрүп алуучу – жеке жактын жана карызкор — жеке жактын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, туулган жылы, жашаган (турган) жери жана/же белгилүү болсо иштеген жери, ал эми юридикалык жактар үчүн анын каттоо номери, жайгашкан жери жана башка идентификациялык маалыматтар көрсөтүлүшү  керек.

Баштапкы жана тосмо доо арызында келтирилген талаптар боюнча жоопкерди белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттендирүү тууралуу чечим кабыл алууда, сот тарабынан ким кандай аракеттерди жасоо керектиги көрсөтүлүшү керек.

Сот чечиминин аткарылышы боюнча талаш-тартыштар болбос үчүн чечимдин резолюциялык бөлүгү  так жана түшүнүктүү баяндалууга тийиш.

Ушундай эле талаптар тараптардын тынышуу макулдашуусу боюнча кабыл алынган аныктаманын резолюциялык  бөлүгүндө да көрсөтүлүүгө тийиш.

Келтирилген доо талаптардан толугу менен же айрым бөлүгүнөн баш тарткан учурда, чечимде  кимге карата жана эмнеден баш тартылгандыгын көрсөтүү зарыл.

Эгерде ишти карап жаткан сот тараптарды баштапкы абалына келтирүү жөнүндө жыйынтыкка келсе, анда чечимдин резолюциялык бөлүгүндө кандай белгилүү иш-аракеттер  аткарылууга жатаары көрсөтүлөт.

Сот ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маселени чечүүгө укуксуз.

Мыйзамдуу күчүнө кирген чечим шартсыз түрдө аткарылууга тийиш экендигине соттордун көңүлдөрү бурулсун. КР ЖПКнин 203-беренесинде каралган учурдан тышкары, аткарылышы белгилүү бир шарттардын болушуна же болбошуна көз каранды, же милдеттүү тараптын тандоосунан көз каранды болгон чечимди аткаруунун бирдей маанилүү ыкмаларын караган альтернативдик маанидеги чечимдерди чыгарууга жол берилбейт.

Чечимдин резолюциялык бөлүгү чечим кандай аткарыла тургандыгын ачык көрсөтүү менен түзүлүшү керек. Чечимдин резолюциялык бөлүгү кандай көлөмдө чечим аткарыла тургандыгы  тууралуу маанисин ар кандай чечмелөөгө мүмкүнчүлүк түзбөш керек.

Маңызы боюнча чечим кабыл алынбаган доо талаптар, соттун жыйынтыгы, чечимдин резолюциялык бөлүгүндө көрсөтүлбөшү керек экендигин соттор эске алуусу зарыл (КР ЖПКнин 220, 222, 260-бер.) (КР АПКнин 186,188-бер.).  Соттун бул жыйынтыктары аныктама түрүндө кабыл алынып, чечимден бөлөк чыгарылышы керек. (КР ЖПКнин 224, 225-бер.) (КР АПКнин 191,192 – бер.). КР ЖПКнин жана КР АПКнин талаптарына ылайык даттанууга жаткан аныктамалардын  резолюциялык  бөлүгүн чыгарууга жол берилбейт.

  1. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн бүтүшү доо арызды кабыл алуудан баш тартууга же иш боюнча өндүрүштү токтотууга негиз боло албастыгына соттордун көңүлү бурулсун.

Доонун эскирүү  мөөнөтүнүн бүтүшү доо арызды канааттандыруудан баш тартууга негиз болуп саналат.

Доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген тарап, ал  мөөнөт жүйөөлүү себептер менен өткөрүлгөндүгү тууралуу далилдерди сотко берүүгө укуктуу.

Сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн  себептерин  негизсиз деп тапкан учурда, доону канааттандыруудан баш тартат. Ошону менен бирге, доонун эскирүү мөөнөтүнүн өткөрүлгөндүгү жана доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартуу тууралуу соттун тыянагы чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө көрсөтүлүүгө жатат. Чечимдин резолюциялык бөлүгүндө доону канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө гана жыйынтык көрсөтүлөт (КР ЖПКнин 202-бер. 7-п.). Ушундай эле чечим алдын ала сот жыйналышында да чыгарылышы мүмкүн (КР ЖПКнин 154-бер. 6-б.).

Эгерде административдик иш боюнча доону берүү мөөнөтү жүйөөсүз себептер менен өткөрүлгөндүгү аныкталса, бул жагдай иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу аныктама чыгарууга негиз болот  жана бул жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн аныктама кабыл алынат (КР АПКнин 186-бер 9-б.). Ушундай эле аныктама алдын ала сот жыйналышында да чыгарылышы мүмкүн ( КР АПКнин 125-бер.).

  1. Чечим соттук жыйналышта, сот тарабынан иликтенген далилдерге же далилдөөнү талап кылбаган жалпыга белгилүү жагдайларга гана негизделиши керектигин соттор эске алуусу зарыл. Чечим божомолдуу жагдайларга негизделбөөсү керек (КР ЖПКнин 14-бер., 199-бер. 4-б.) (КР АПКнин 172-бер. 4-б).

Сот чечиминде ишке маанилүү жагдайларды ырастаган тигил же бул  далилдерди көрсөтүү менен чектелбестен, келтирилген далилдердин мазмунун баяндоо менен аларга укуктук  баа берүүгө милдеттүү.

Эгерде, сот ишке катышкан жактар тарабынан өзүнүн талаптарынын, же каршы пикирлеринин негизи катары көрсөткөн жагдайларын далилдөө катары сотко келтирген материалдар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана башка маалыматтар иштин жагдайына туура келбесе, сот ал далилдерди четке кагуу боюнча негиздерин жүйөлөштүрүүсү зарыл.

Эгерде, далилдерди чогултуу сот тарабынан соттук тапшырма аркылуу жүргүзүлсө, (КР ЖПКнин 71-бер., 153-бер 9-п.) (КР АПКнин 59-бер., 123-бер 10-б.) анда ушул КР ЖПКнин 72-беренеси (КР АПКнин 59-бер.) аркылуу чогулткан далилдер соттук жыйынга ишке катышкан тараптарга, өкүлдөргө, эксперттерге, күбөлөргө угузулуп, башка далилдер менен чогуу изилденген учурда гана сот чечимди ал далилдерге негиздей ала тургандыгына соттордун көңүлдөрү бурулсун ( КР ЖПКнин 183, 185, 199-беренелери) (КР АПКнин 155, 157, 172 бер).

Соттун чечими мыйзамды бузуу менен алынган далилдерге негизделиши мүмкүн эмес. (КР ЖПКнин 64-бер  3-б.).

Сот чечим чыгарууда далилдердин тиешелүүлүгү менен жол берилүүчүлүгүн  эске алуу менен баа берет (КР ЖПКнин 68, 69, 200-бер.) (КР АПКнин 52, 53-бер.).

Эксперттин корутундусу, иш боюнча башка далилдердей эле, өзгөчө далилдөө каражатына кирбейт жана ага иштин ичиндеги бардык далилдердин жыйындысы менен  баа берилиши керектигин соттор эске алууга тийиш (КР ЖПКнин 76, 97-бер. 3-б) (КР АПКнин 55, 79-бер. 3-б).

Эксперттин корутундусуна соттун баа берүүсү толугу менен чечимде чагылдырылууга жатат, анда эксперттин бүтүмдөрү эмнеге негизделгени, экспертизага берилген баардык материалдар эске алынганы же алынбаганы  көрсөтүлүшү керек.

Эгерде экспертиза бир нече эксперттерге тапшырылып, ар бири ар башка корутунду беришсе, анда соттук чечимде ар бир корутунду боюнча алар менен макул болуу же макул болбоо жүйөөлөрү келтирилиши керек.

  1. Жазык иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү ушул өкүм чыгарылган адамдын аракеттеринин жарандык-укуктук натыйжалары жөнүндө ишти карап жаткан сотко бул аракеттердин болгондугунун жана аларды ушул адам жасагандыгынын маселелери боюнча милдеттүү болуп эсептелинет (КР ЖПКнин 70-бер. 3-б.).

Сот, жазык ишинен чыккан доо арыз боюнча чечим кабыл алууда, жоопкердин күнөөсүн талкуулоого киришпейт, ал ордун толтуруунун өлчөмү боюнча гана маселени чечүүгө укуктуу.

Доону канааттандыруу жөнүндөгү соттун чечиминде жалаң гана жазык иши боюнча чыккан өкүмгө таянбастан, өндүрүп алынуучу сумманын өлчөмүн негиздөөчү жарандык иште болгон далилдерди дагы келтирүүсү зарыл.

КР ЖПКнин 70-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык, мурда каралган жарандык, экономикалык жана администрациялык иштер боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде белгиленген жагдайлар сот үчүн милдеттүү болуп эсептелет, алар жаңыдан далилденбейт жана ошол эле жактар катышкан башка жарандык же экономикалык ишти кароодо талашылууга жатпайт.

Тарап башка тарап талашпаган фактыларды далилдөөгө тийиш эмес экендигине соттордун  көңүлү бурулсун.

  1. КР АПКнин 54-беренесинин талаптарына ылайык, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн сот административдик ишти кароодо белгилүү бир аракеттерди жана аларды жасаган жактарды аныктаган фактылар боюнча гана аткарууга милдеттүү. Соттун күчүнө кирген чечиминде белгиленген фактыны административдик ишти кароодо кайрадан далилдөө талап кылынбайт. Ошондой эле, сот аларды далилдөө зарыл деп эсептеген учурду кошпогондо, каршы тарап талашпаган фактылар далилдөөгө муктаж эместигин эске алуу керек.
  2. Чечим чыгарууда сот ишке катышуучу жактардын укук мамилелери кандай экендигин аныктоого милдеттүү (КР ЖПКнин 200-бер) (КР АПКнин 173 -бер.).

Жазык процесстик мыйзамдар менен жөнгө салына турган мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарынын аракеттерине даттанылган арыздар жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралууга жатпайт.

Мамлекеттик бийлик органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кирбеген башка органдардын актыларын, ошондой эле кызмат адамдарынын аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу иштерин кароодо, соттор жарандык сот ишин жүргүзүү боюнча жалпы укук ченемдерди колдонуу менен талаштын сотторго таандыктуулугу арыз ээлеринин субъекттик курамынан жана КР ЖПКнин 25-беренесиндеги эрежелери боюнча аныкталууга тийиш.

Административдик иш боюнча соттун чечиминде административдик доогердин талаштын (предметине) мазмунуна тиешелүүлүгү, анын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганбы, же болбосо бул адамга анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар түзүлгөндүгүн  чагылдырылууга тийиш.

Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган фактылар жана укуктук мамилелер, тараптар жана ишке катышкан башка жактар, ошондой эле алардын укук улантуучулары  тарабынан ошол эле жактар катышкан башка процессте талашылууга жатпайт жана ошол эле фактыларга жана укуктук мамилелерге доонун ошол эле негиздери боюнча башка иш боюнча сот тарабынан чечимде башка баа берүүгө жатпайт.

  1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, сот ишти доогер тарабынан берилген талаптардын чектеринде чечет (КР ЖПКнин 200-бер 2-б.) (КР АПКнин 173 -бер 6-б.). Анын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын сактоо үчүн сот мыйзамда каралган гана учурларда доогер берген талаптын чегинен (коюлбаган талапты чечүү же коюлган талаптан көп өлчөмдө канааттандыруу үчүн) чыгышы мүмкүн.

Сот чечимде доогердин арызда берген талаптарынын чегинен чыгуунун негиздерин көрсөтөт. Ошону менен бирге, сот доонун негизин жана предметин өзгөртүүгө укуксуз. Доо доогердин  талаптары көрсөтүлгөн  негиздер боюнча гана каралып, чечилет.

Доонун предмети доогердин конкреттүү талабынын мазмуну менен шартталат жана материалдык укук — талап катары аныкталат.

Доонун негизи деп доогер өзүнүн талаптарын негиздеген жана доонун предмети болуп саналган материалдык укуктук мамилелердин пайда болуусуна, өзгөрүлүшүнө же токтотулушуна алып келүүчү жагдайларды түшүнүү керек.

  1. 10. Бир-бири менен өз-ара байланышкан жана бир доо арызга бириктирилген бир нече доо талабын кароодо, сот максатка ылайыктуулугун жана ишти кароонун өзгөчөлүгүн эске алуу менен бир же бир нече талапты өзүнчө өндүрүшкө бөлүп коюуга укуктуу экендигин соттор көңүлгө алууга жатат (КР ЖПКнин 156-бер. 2-б) (КР АПКнин 127 -бер. 2-б).

Сот өндүрүшүндө бир түрдүү бир нече ишти кароо үчүн аларды бир өндүрүшкө   бириктирүүгө укуктуу.

Эгерде соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптар катышкан бир түрдүү бир нече иш же болбосо бир эле доогердин ар кандай жоопкерлерге карата же ар кандай доогерлердин бир эле жоопкерге карата доолору боюнча бир нече иш бар болсо жана аларды бириктирүү талаштарды кыйла тез жана туура кароого алып келген учурда, аларды бирдикте кароо үчүн бир өндүрүшкө бириктирүүлүсү  мүмкүн (КР ЖПКнин 156-бер. 3-п.) (КР АПКнин 127 -бер. 1-п.).

Ошол эле учурда бир нече бир түрдүү иштерди бир өндүрүшкө бириктирилген иштер соттук териштирүүнү татаалдаштырбашы зарыл.

Доо өндүрүшүн жүргүзүү тартибинде каралуучу талаптар башка тартипте каралуучу иштер менен бир өндүрүштө каралууга жатпайт, мисалы, иштерди кароо жана чечимди чыгаруу өзгөчөлүктөрү бар болгон талаптар: өзгөчө сот ишин жүргүзүү же административдик иштерди кароо өндүрүшү боюнча талаптар бир өндүрүштө каралууга жатпайт (КР АПКнин 16 -бер 3-б).

  1. Айрым категориялардагы иштерди кароодо алардын өзгөчөлүктөрүн жана чечимдин резолюциялык бөлүгүнүн мазмуну каралып жаткан мамилелерди жөнгө салуучу укуктук нормаларга туура келүүсүн соттордун эске алуусу зарыл.

Алимент өндүрүү жөнүндөгү чечимдин резолюциялык бөлүгүндө алимент өндүрүлүп жаткан жарандын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, туулган күнү, айы, жылы жана жери, эгерде белгилүү болсо туруктуу иштеген жана жашаган жери жөнүндөгү маалыматтар,  алимент ыйгарылган ар бир баланын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы жана туулган күнү, айы, жылы, карызкордон ай сайын өндүрүлүүчү төлөмдүн өлчөмү жана өндүрүп алуунун акыркы мөөнөтү көрсөтүлөт.

Никени бузуу жана никени жараксыз деп табуу боюнча иштерде нике катталган жарандык абал жөнүндөгү актыны каттоо органы жана датасы боюнча маалымат болушу керек.

Аталыкты (энеликти) талашуу жана атасын аныктоо фактылары боюнча иштерде чечимдин резолюциялык бөлүгүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында атасын аныктоо жөнүндөгү актыны каттоону жүргүзүү үчүн атасы (энеси) тууралуу төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө жатат: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жери, күнү, айы, жылы, улуту жана туруктуу жашаган жери, эгерде белгилүү болсо, иштеген жери.

Мүлктү натуралай ыйгарууда, эгерде чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк жок болсо, сот чечимде жоопкерден өндүрүп алынууга тийиш мүлктүн наркын жана жекече аныкталган белгилерин көрсөтөт (КР ЖПКнин 203-беренеси).

Мүлктү же акчалай суммасын өткөрүп берүүгө байланышпаган белгилүү бир аракеттерди жасоого жоопкерди  милдеттендирген чечим чыгарууда сот ошол эле чечимде, эгерде жоопкер белгиленген мөөнөттүн ичинде чечимди аткарбаса, жоопкердин эсебинен зарыл чыгымдарды өндүрүп алуу менен доогер бул аракеттерди жасаганга  укуктуу экендигин көрсөтүшү мүмкүн (КР ЖПКнин 204-бер. 1-б. ).

Жалпы менчикте турган мүлктү пайдалануунун тартибин аныктоо жана мындай мүлктү бөлүү боюнча талаштарды кароо учурунда (жер тилкеси, үй курулуштары, ж.б.) сот чечимдин резолюциялык бөлүгүндө ар бир тарапка бериле турган мүлктү, тосмолордун коюлушун, жер тилкесинин чектерин жана өлчөмүн кайра долбоорлоо тартибин жана башка конкреттүү жагдайларды көрсөтөт.

Бүтүмдүн (талашып алуучу бүтүм же арзыбаган бүтүм) жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу тууралуу талап боюнча чечимди чыгарууда, сот тараптарды баштапкы абалга келтирүү менен чектелбестен, жараксыз деп табылган бүтүм боюнча тараптардын кандай аракеттерди жасоосун көрсөтүүгө  милдеттүү.

Сумма өндүрүлө турган иштер боюнча, чечимдин резолюциялык бөлүгүндө жоопкердин туулган жылы, күнү, айы, жашаган (турган) жери жана/же иштеген жери тууралуу, ал эми, эгерде жоопкер юридикалык жак болгон учурда (анын фирмалык аталышы, жайгашкан жери ж.б.) жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш экендигине соттордун  көңүлү бурулууга жатат.

Өндүрүп алууну күрөөдөгү мүлккө буруу жөнүндө чечим чыгаруу учурунда, сот Кыргыз Республикасынын  “Күрөө жөнүндө” Мыйзамынын 63-беренесин жетекчиликке алып, төмөндөгү жагдайларды аныктоого жана көрсөтүүгө тийиш:

— сатылгандан кийин аныкталуучу күрөө мүлкүнүн наркынан күрөө кармоочусуна төлөнө турган бардык суммаларды;

— пайыз менен эсептелүүчү суммалар үчүн кошулуп эсептелүүчү пайыздар, пайыздардын жана төлөм айыптын көлөмү, ошондой эле ал эсептелине турган мезгил да көрсөтүлүшү керек;

— наркынан күрөө кармоочунун талабы канааттандырыла турган күрөө мүлкү;

— өндүрүп  алынган  күрөө мүлкүн сатып өткөрүү ыкмасы;

-күрөө мүлкүн сатып өткөрүүдө анын баштапкы (старттык) баасын, ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 4-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, ал күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде аныкталат.

Ал эми талаш-тартыш болгон учурда күрөө мүлкүн сатуу баасы тиешелүү сертификаты бар көз карандысыз адис-баалоочунун корутундусунун негизинде сот тарабынан аныкталат.

Эгерде алар зарыл болсо, күрөө мүлкү сатып өткөрүлгөнгө чейин сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар; ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык торуктан түшкөн акчаны бөлүштүрүү тартиби жана кезектүүлүгү.

Эгерде күрөөнүн объектиси ушул Мыйзамдын 42-1-беренеси менен белгиленген тартипте сатып алынган турак үй же квартира болсо, сот көрсөтүлгөн маселелерге кошумча доогердин талабы боюнча көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектисинен күрөө берүүчүнү жана аны менен бирге жашашкан үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле кандай гана болбосун башка үчүнчү жактарды чыгаруу тууралуу маселени чечет.

Кыймылсыз мүлк менен байланышкан талаш тартышты чечүүдө, соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө кыймылсыз мүлктүн толук дареги (калктуу конушу, көчөсү, номуру), мамлекеттик каттоодон өткөн мүлктүн далдаштырма (идентификациялык) коду көрсөтүлүүгө тийиш.

Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө иштер боюнча, эгерде сот арыздын негиздүүлүгүн аныктаса, чечимдин резолюциялык бөлүгүндө талаш туудурган чечимди жараксыз, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамга жат деп табат жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат (КР АПКнин 203-бер 2б ).

Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдерине даттануу боюнча иштерди кароодо, сот арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн аныктаса, талашылып жаткан чечимди жараксыз деп табат жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимин жокко чыгарат же болбосо, эгерде талашылып жаткан чечим мыйзамдуу деп белгилесе, арызды (даттанууну) канааттандыруусуз калтырат (КР АПКнин 204-бер. 5-б. ).

Сот жарандык абал актыларын каттоо китептериндеги (акт китептериндеги) жазуулардын туура эместигин белгилөө жөнүндө иштерди кароодо соттун чечими жарандык абал актыларын жазуу органдарынын ушундай жазууну оңдоосу же өзгөртүүсү үчүн негиз болуп саналат, соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө жарандык абал актыларын каттоо китептериндеги кайсыл жазуулардын туура эместиги (жазуу кимдин атына жана кайсыл ЗАГС  органдары тарабынан жүргүзүлгөндүгү, жазуунун номери жана датасы) жазууга кандай оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү көрсөтүлүш керек (КР АПКнин 208-бер. ).

Сот, нотариалдык аракетти жокко чыгарууда же ушундай аракетти аткарууга милдеттендирүүдө чечимдин резолюциялык бөлүгүндө, кыймыл аракет качан жана ким тарабынан жасалганы, кандай белгилүү аракеттер жокко чыгарылып жаткандыгы, нотариалдык аракетти аткаруудан баш тарткан арыз канааттандырылган учурда кандай нотариалдык аракет жана ким тарабынан аткарылууга тийиш экендиги көрсөтүлүүгө жатат (КР АПКнин 211-бер. ).

  1. Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы(номиналы) боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынат (КР ЖКнин 35-бер). Акчалай суммаларды чет өлкөлүк валюталар менен өндүрүү боюнча талаптарды канааттандырууда чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө сот, чет өлкөлүк валютаны сомго которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан белгиленген тиешелүү расмий курска ылайык эсептөөлөрдү жүргүзөт.

 

Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан чет өлкөлүк валютанын курсу сомго карата аныкталбаса, анда сот эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн ошол чет өлкөлүк валютанын курсу тиешелүү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы (банк) тарабынан чет өлкөлүк валютанын бирине аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы колдонулуучу тараптар тарабынан берилген  маалыматты колдонот.

Мыйзамдарда каралган учурларда,  сот акчалай суммаларды чет өлкөлүк валютада өндүрүү боюнча чечимди чыгарууга укуктуу.

  1. 13. Соттун чечими кабыл алынгандан жана ага кол коюлгандан кийин жарыяланат (КР ЖПКнин 197-бер).

Сот чечимдин мазмунун, аны даттануунун тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүп берет. Сот чечимдин резолюциялык  бөлүгүн чыгарууда соттун чечиминин акыркы формасы менен таанышуунун мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү.

Жүйөлүү чечимдин киришме жана резолюциялык бөлүктөрү ишти карап бүткөн күнү жарыяланган чечимдин киришме жана резолюциялык  бөлүктөрүнө сөзмө-сөз дал келиши керек.

Жүйөлүү чечимдин чыгарылыш мөөнөтү угузулган резолюциялык бөлүгүндөй эле ишти кароонун бүткөн күнү, ал эми анын орду катары чечим чыгарылган шаар же башка калктуу конуш көрсөтүлөт.

Иштин ичине жарыя кылынган чечимдин резолюциялык бөлүгү жана ошондой эле акыркы түзүлгөн чечим дагы тиркелет.

Сот административдик иш боюнча чечимдин  резолюциялык бөлүгүндө жүйөлүү чечим менен таанышуу мөөнөтүн жарыялоого милдеттүү. Ошону менен бирге жүйөлүү чечим соттук териштирүү аяктаган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен түзүлөт жана жарыя кылынат (КР АПКнин 169,176 -бер).

Ишти судьялар коллегиялык курамда кароодо, көпчүлүктүн чечимине макул болбогон судья бул чечимге кол коюуга милдеттүү жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал ишке тиркелет, бирок сот отурумунда жарыя кылынбайт (КР ЖПКнин 18-бер., КР АПКнин 19-бер).

Соттун чечимине толук же анын бир бөлүгү менен макул болбогон учурларда  өзгөчө пикир болушу мүмкүн. Иш маани-мазмуну боюнча каралганга чейин сот өзүнүн оюн билдирүүгө укуксуз, анткени бул учурда кеңешүү бөлмөсүнүн жашыруундуулугу бузула тургандыгын соттор эске алуусу керек.

  1. Сырттан чыгарылган чечимдин киришме бөлүгүндө сырттан чыгарылган чечим деп аталуусу көрсөтүлүүгө тийиш.

Иш боюнча сырттан кароо өндүрүшү доо ишин жүргүзүү тартибинде гана жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын ЖПК-нин 235-беренесине ылайык, сырттан чыгарылган чечим кабыл алынган учурда, анын резолюциялык бөлүгүндө бул чечимди бузуу боюнча арыз берүүнүн тартиби жана мөөнөтү көрсөтүлүшү керектигине соттордун  көңүлү бурулсун.

Сырттан кароо өндүрүшүнүн иши административдик жана өзгөчө өндүрүш тартибинде каралуучу иштерге  жайылтылбайт.

  1. КР ЖПКнин 207-беренесинин жана КР АПКнин 177-беренесинин талаптарына ылайык, кошумча чечим кабыл алуу тууралуу маселе ошол иш боюнча кабыл алынган соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин гана коюлушу мүмкүн. Кошумча чечим КР ЖПКнин 207-беренесинин 1-бөлүгүндө жана КР АПКнин 177-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар болгон учурда биринчи инстанциядагы сот аркылуу кабыл алынат.

Сот КР ЖПКнин 207-беренесинин, КР АПКнин 177-беренесинин талаптарынын чегинен чыгууга укуксуз, ал сот жыйналышында каралган жагдайларга таянып, чечимдин кемчиликтерин гана толуктай алат.

  1. КР ЖПКнин 208-беренеси жана КР АПКнин 179-беренеси сотко чечимдин мазмунун өзгөртпөстөн түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк берет, сот чечимди түшүндүрүү иретинде, жарым жартылай болсо дагы чечимдин маңызын өзгөртө албастыгын, аны толугураак жана айкыныраак формада жазууга гана милдеттүү экендигине соттордун көңүлдөрү бурулууга жатат. Эгерде чечим аткарылган болсо, же ал мажбурлап аткарылууга тийиш болгон, мыйзамда белгилеген мөөнөт өтүп кеткен болсо, чечимди түшүндүрүүгө жол берилбейт.
  2. КР ЖПКнин 206-беренесине жана КР АПКнин 178-беренесине ылайык, чечим чыгарган сот, өзүнүн демилгеси менен же ишке катышкан жактардын арыздары боюнча чечимде кетирилген жаңылыш жазуу же ачыктан-ачык арифметикалык жаңылыштарды оңдоого укуктуу. Оңдоолорду киргизүү маселеси чечимдин аткарылышына карабастан соттук жыйында каралат, бирок мыйзамда көрсөтүлгөн аткаруу мөөнөттүн чегинде чечилиши мүмкүн.

Чечимде кетирилген жаңылыш жазууну же ачыктан-ачык арифметикалык жаңылыштарды оңдоо жана чечимди түшүндүрүп берүү маселеси КР ЖПКнин  344-беренесинин 5-бөлүгүнө жана 370-беренесинин 8-бөлүгүнө, КР АПКнин 236, 238-беренелеринин, 264-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда дагы чечилиши мүмкүн экендигине соттордун  көңүлдөрү  бурулсун.

  1. КР ЖПКнин 212-беренесине жана КР АПКнин 180-беренесине ылайык, чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткарылат.
  2. 19. Ушул токтом кабыл алынгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленумунун «Соттук чечим жөнүндө» 2008-жылдын 12-июнундагы N 16 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Сотунун төрайымы                                                       А. Токбаева

 

Пленумдун катчысы,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Сотунун судьясы                                                                       К. Осмоналиев