Бүгүн, 2018-жылдын 28-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун   Пленумунун отуруму өттү.

Пленумдун отурумуна Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Людмила Усманова, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев, жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.

Күн тартибине үч маселе коюлду:

  • “Соттук чечим жөнүндө”;
  • “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин соттор табанынан колдонуудагы кээ бир маселелери жөнүндө”;
  • “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамынан кээ бир мүчөлөрүн чыгаруу жана жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө”.

Маалым болгондой, 2008-жылдын 12-июнунда “Соттук чечим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому кабыл алынган. Бирок 2017-жылдын 1-июлунда жаңы Жарандык процесстик жана Административдик-процесстик кодекстери колдонууга киргизилип, жарандык, административдик жана экономикалык иштер боюнча сот өндүрүшүндө бир нече өзгөчөлүктөр жана айырмачылыктар бар экенин эске алып, соттор тарабынан аталган кодекстердин ченемдерин туура жана бирдей колдонууну камсыз кылуу максатында жаңы “Соттук чечим жөнүндө” токтомду кабыл алуу зарылчылыгы пайда болгон. Мындан тышкары, бул маселени талкуулоо азыркы мезгилде актуалдуу экенин соттук тажрыйбаны иликтөө  көрсөттү.  Аталган маселе боюнча каралган иштерди жалпылоодо, соттор чечимди кабыл алууда процесстик каталарга жол беришип жаткандыгы аныкталган.

Аталган токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча жана административдик, экономикалык иштер боюнча соттук коллегиялары тарабынан бирдикте иштелип чыгып, сунушталды.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Дильбар Кульматова, Камиль Осмоналиев баяндама жасашты. Ал эми  Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Бермет Толубаева жана Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук  коллегиясынын төрагасы Дамирбек Онолбеков жарыш  сөзгө чыгышып токтомдун долбоору сунушталган толуктоолорду эске алуу менен бир добуштан  кабыл алынды.

Ал  эми, “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин соттор табанынан колдонуудагы кээ бир маселелери жөнүндө” токтому бир добуштан кабыл алынды. Анткени, бул токтомду кабыл алуу азыркы мезгилде актуалдуу. Айта кетсек, 2017-жылдын 1-июлунда жаңы Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси колдонууга киргизилип, жаңы Кодекстин айрым ченемдерин соттор тарабынан туура жана бирдей колдонууну камсыз кылуу зарылчылыгы пайда болгон.

Маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Бактыгуль Аманалиева кеңири баяндама жасады. Ал эми,  кошумча пикирин Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук  коллегиясынын төрагасы Азамат Алыбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Людмила Усманова  жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, коюлган маселелер учурда актуалдуу экенин, кабыл алынган Пленумдун токтомдору мындан ары талкууланган маселелер боюнча бирдей соттук тажрыйбаны түзөөрү, өз учурунда бул сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга алып келээрине ишенерин белгиледи.