Бүгүн,   2018-жылдын 1-мартында  Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун Төрайымы Айнаш  Токбаева жана Жогорку соттун   судьяларынын катышуусунда Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2018-жылдын  27-февралындагы   № 42-Жарлыгы  менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана Президенттин № 43-Жарлыгы менен  судьянын  ыйгарым укуктарын  жүргүзүү  үчүн Ош облустук сотуна  Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү  сотторунун  судьялары   Алмазбек Абдылдаев, Айвар Кубатов жана Абдрасул Шамшиев салтанаттуу ант беришти.

Белгилүү  болгондой, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын  статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык  Мыйзамынын 5-беренесине  ылайык, Кыргыз  Республикасынын дайындалган  судьялары ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашырышы  ант  берген  күндөн  тартып башталат.

Салтанаттуу  жыйында Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы Айнаш Токбаева  судьялык кызматка  кайрадан  киришип жатышкан  судьяларды  куттуктап ийгиликтерди  калаады.