IDLO жана  Транспаренси Интернейшнл эл аралык уюмдарынын Сот тутумунунун көз карандысыздыгын аныктоо   боюнча экспременталдык индекстин  жыйынтыктары,ага  колдонулуучу  методологиялардын  бет ачары  болуп  өттү.

Иш чарага,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева, Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев, Кыргыз Республикасынын Юстиция  министри Уран Ахметов, судьялар жана эл аралык  уюмдун  жана жарандык  коомдун  өкүлдөрү  катышышты.

Сот тутумунунун көз карандысыздыгын аныктоо   боюнча  экспременталдык индекстин  жыйынтыктарынын бет ачарын жасаган Кыргыз Республикасында Өнүгүү үчүн  укук  боюнча  эл аралык  уюмунун   (IDLO)   филиалынын  регионалдык директору Фред Хьюстон   бир дагы өлкөдө идеалдуу  сот тутуму жок экендигин, бирок, ага жетүүнүн  аракети Кыргызстанда болуп жаткандыгын айтты. Соттор жана судьялар көз карандысыз болгон жерде  жана мыйзамдар толук кандуу иштеген учурда гана сот адилеттигине жетүүгө мүмкүн болорун кошумчалады. Мындан  сырткары, сурамжылоо учурунда көтөрүлгөн маселелер сот реформасынын  алкагында иштеп жатканы белгилүү болду. Буга Фред Хьюстон ушул тапта Жогорку соттун расмий сайты жаңыланып,  активдүү иштеп жатканын белгиледи. Ошону менен маалымат айдыңына сот тутуму  туурасында кабарларды кеңири таратуу менен, элди  жүрүп жаткан иштер менен кабардар кылып турууну сунуштады.

Иш чарада,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева кызыктуу презентация жасаган  үчүн катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Жогорку сот эл аралык  уюмдар менен, анын ичинде Кыргыз Республикасында укукту өнүктүрүү боюнча IDLO эл аралык уюму жана башкалар менен тыгыз кызматташтыкта иштеп келе жаткандыгын белгиледи.  Сот тутумунунун көз карандысыздыгын аныктоо   боюнча экспременталдык индекстин  жыйынтыктары боюнча жасалган презентациялар,   иштелип чыккан сунуштар мындан ары дагы жүргүзүлө турган  иликтөөлөрдө  чоң жардамы тийерин  кошумчалады.

Айта  кетсек, мындай  пилоттук  долбоор 2017-жылы 6  өлкөдө  жүргүзүлгөн.  Алар: Босния и Герцеговина, Словения, Латвия, Молдова, Монголия жана  Кыргызстан.