2018-жылдын 28-февраль күнү  Каракол шаарынын мэриясынын конференц-залында «Балдардын сот акыйкаттыгына жеткиликтүүлүгү» аттуу темада практикалык тренинг болуп өттү.

Иш-чаранын максаты болуп мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын жана   мыйзам менен тил табыша албаган балдар менен иш алып барган уюмдардын өз ара кызматташтыгын жакшыртуу, ювеналдык юстиция боюнча Каракол шаардык координациялык кеңештин программасынын алкагында  биргелешип иш алып баруу жолдорун талкуулоо саналат.

Тренингге соттун, прокуратуранын, Каракол шаардык ИИБнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын, Каракол шаардык үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, адвокатуранын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты. Алар  эл аралык стандарттарда кылмыштуулуктун алдын алуу максатында балдарды алаксытуу үчүн  колдонуучу элементтер менен, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоого карата  2018-2028-жылдарга кабыл алынган программасы менен таанышышты. Мындан тышкары балдарды коргоо системасын моделдөөнүн катышуучулары болгон мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуу жолдорун талкуулашты.

Тренингдин  жүрүшүндө Каракол шаардык сотунун төрагасы Самар Ниязалиев 2017-жыл ичинде  Каракол шаардык сотунда каралган өспүрүмдөргө карата жазык иштер боюнча соттук практика  менен тааныштырды.

Ошондой эле Ысык-Көл областтык аймактык адвокатуранын төрагасы Оторбай Джаркимбаев менен Каракол шаарынын мэринин орун басары  Гульназ Орозова «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү практика системасында адвокаттын катышуусу»   жана «Жергиликтүү калкты тейлөө практикасы» аттуу темалардын  алкагында кеңири  маалымат менен бөлүшүштү.

Тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Иш-чара БУУнун (ЮНИСЕФ) Балдар фондусунун балдарды коргооо программасынын координатору Елена Заиченко, «Укук борбору» Коомдук уюмунун директору Назгуль Турдубекова, Кыргыз  Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү Гульнара Шейшекеева,

Каракол шаардык сотунун төрагасы Самар Ниязалиев жана Каракол шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

 

Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы

                                                                                                                    Гульзада Аширбаева