Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу сот тутумунун кызматкерлери жана  ардагерлери!»

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын сот тутумунун  кызматкерлеринин күнү менен  чын жүрөктөн куттуктайм!

Сот бийлигинин аброю андагы ар бир кызматкердин ак ниеттүүлүгүнө, кесипкөйлүгүнө жана жоопкерчилигине жараша болот. Калыс, көз карандысыз жана акыйкат сот адилеттиги жарандардын бийликке болгон ишениминин  кепилдиги.

Урматтуу кесиптештер, сот бийлигинин ишмердүүлүгүнүн башкы милдети адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин коргоо, ошондой эле  Фемида өкүлдөрүнүн судьялык этиканын так сактоосу керек экендигин  түшүнүшүбүз керек.

Учурда сот тутумунда кызмат кылып жаткан  муун  элдин сот тутумуна болгон ишенимин арттырып, коомчулукта   сот адилеттигин орнотууга бардык аракетин көрөт деп ишенем.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакубатчылык, ошондой эле  укуктук мамлекетти түзүү  жана өнүктүрүү  үчүн  талыкпас ийгиликти каалайм!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы А.Токбаева