Талас облустук сотунда судьялардын  жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 26 жылдыгы белгиленди.  Иш чарага катышкан Талас облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Токтосун уулу Каныбек өлкөнүн башкы символу болгон – мамлекеттик туу эркиндиктин, көз карандысыздыктын белгиси   жана  улуттун сыймыгы экендигин айтты. Төрага  жалпы облустук соттун эмгек жамаатын дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу күнү менен куттуктап, мамлекетибиздин туусу мындан ары дагы желбирей беришине салымыбызды кошуп, өлкө  үчүн кызмат кыла берели деп билдирди.

Белгилей кетсек,  мамлекеттин туусу  тууралуу  мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Анын авторлору — Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.