Жакында Кыргыз Республикасынын  Жогорку соту тарабынан демилгеленип Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоору менен биргеликте  Жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара байланышуу жана соттордогу маалымат каражаттары  менен иштөөдөгү  көйгөйлөр” деген аталышта тренинг  болуп  өттү. Тренингде Германия өлкөсүндөгү сот тутуму менен маалымат каражаттарынын өз ара байланышы тууралуу тажырыйбалары менен  бөлүшкөн Томас  Мродзински  бизди кызыктырган айрым суроолорубузга жооп берген эле.

       Томас мырза   Кыргызстандагы сот тутумундагы жүрүп жаткан реформалар боюнча маалыматыңыз барбы, эгер бар болсо анын учурдагы абалы тууралуу эмнелерди айта алат элеңиз?

 Кыргызстандагы сот тутумунда жүрүп жаткан  реформанын алкагында турумушка ашырылып жаткан    сот өндүрүшүнө түздөн-түз тиешелүү бир катар кодекстердин жаңыланышы,  алардын  алды  сот өндүрүшүнө кирип жатышы,ошону менен катар эле сот тутумунун ачык-айкындуулугу, андагы каралган маселелердин коомчулукка жеткирүүдө басма-сөз кызматтары иштеп башташынын өзү эле  бул жакта  реформанын жүрүп жаткандыгын   айтып турат.

Германияда сотторго болгон элдин ишеними жана даттанылган иштер канча пайызды түзөт?

  —Эми социологиялык сурамжылоолор жана иликтөөлөрдүн  тарабынан чогултулган респонденттердин пикирлеринин жыйынтыгы  боюнча Германияда сотторго жалпы  элдин 30 пайызга жакыны ишенбейт. Ал эми жалпы каралган иштердин статисткасы боюнча бизде деле Германияда каралган иштердин  10 пайызы   кайра даттанылат.

  

Демек, статистика боюнча даттанылган иштердин көрсөткүчтөрү  бирдей эле болуп жаткандан кийин  кыргыз фемидасы  германиялык  кесиптештери сыяктуу эле иштеп жатат деп эсептесек болобу?

-Ал жөнүндө жооп бере албайм.Бирок, цифра деген цифра. Андан кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга болот.

Сиз көп жылдар бою судьялык кесип менен бирге басма-сөз катчынын да милдетин аткарып келдиңиз? Демократиянын мекени деп айтылып келе жаткан    Англияда болсун,  Америкада болсун маалымат каражаттарынын кайсыл түрү болбосун  сот  отурумдарынан  репортаж даярдоо  мыйзам чегинде  уруксат берилбейт.  Бул маселе Германияда кандай чечилген?

Журналисттердин лексикасы менен айтканда   бул кандайдыр бир деңгээлде  “Алтын эреже” катары сакталып келет. Бизде   бул жөн гана “Алтын эреже” эмес, өлкөбүздүн Баш мыйзамында, Конституциясында  да көрсөтүлүп, ал атайын мыйзам менен бекитилген. Тагыраак айтканда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү сот отуруму башталганга чейин гана аудио жана видео  жазууларды  жүргүзө алышат. Кээ бир учурлар болот, бирок, алар өтө эле сейрек кездешет Федералдык Конституциялык  Соттун чечими менен айрым бир соттук отурумдарга маалымат каражаттары  толугу менен   катыша алышат. Андан сырткары   ал гана эмес,    коомчуулкту кызыктырган  кайсыл бир резонанстуу  окуя боюнча ишти карап жаткан   сот имаратында  тиешелүү  мүмкүнчүлүктөр  болбогон учурда да ал соттук отурумду башка  шарты бар жерге  которуп   өткөрүүгө мыйзам тарабынан жол берилбейт.

Акыркы бир нече жылдан бери маалымат каражаттары сот  отурумдарына катышуу ал жерден маалыматтарды даярдоо боюнча маселе көтөрүлүп келе жатат. Бирок, ал алигиче турмушка аша элек. Негизи эле Германияда  адам укугуна өзгөчө баа берилет, ал  кандай жаран болбосун.

    Томас мырза,  Орто Азиядагы сот системасы боюнча жалпы маалыматы бар эксперт катары анын ичинде Кыргызстан Европадагы сот тутумунун стандартынан эмнеси менен айырмалынып турат?

Мен билгенден Улуу Британияда, Францияда, Украинада жана башка Европа өлкөлөрүндөгү сот системаларынын өздөрүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Алардын ар бири  ар башка деңгээлде, же болбосо ар башка уктук структурада. Европа десе эле  аларды  бирдей стандарт менен  жалпы кароого болбойт.  Кыргызстандын сот ситемасы мен байкагандай бүгүнкү күндүн технолгияларына  батыл киришип   айталы интернет желесиндеги социалдык тармактарды фейсбукту,  твитерди пайдаланып ачык-айкындуулуктун  талаасын  түзгөнгө аракет жасап  жатышкандыгын байкадым. Ал эми ошол эле учурда Европада бул маселелерде консервативдик көз караштар көбүрөөк орун алган десем болот. Ал айрыкча Германияда анын себеби  интернет желесинде  мамлекеттик структуралар тарабынан жарандар тууралуу  маалыматтардын өтө эле көп  топтолушунан кооптонуп жатышкандай.

 

                   Маектешкен:  Барктабас Белеков

                                                  Нарын облустук сотунун басма-сөз катчысы.