Жогорку Сот өлкө аймагындагы коррупцияга каршы механизмдерди иштеп чыгууга, ошондой эле сот системинде коррупцияны жоюуга көмөктөшө турган аянтча болууга даяр. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева 16-мартта «Сот тутумунда коррупциянын алдын алуу: актуалдуу чаралар жана демилгелер” аттуу тегерек столунда билдирди.

Токбаеванын айтымында, Жогорку Сот сот системинин дарегине пайдалуу жана конструктивдүү сын-пикирге даяр.

«Сот тутумунда, ошондой эле башка мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөшүү чараларын өткөрүүдө, жемкорлуктун кесепеттерине гана эмес, анын пайда болушунун себептерине дагы өзгөчө көңүл буруу зарыл. Андыктан коррупцияга каршы күрөшүү коомчулуктун катышуусунда комплекстүү жана ар тараптуу жүргүзүлүшү керек. Ошондо гана биз коррупцияга каршы күрөшүү боюнча реалдуу жыйынтыкка келебиз. Сот тутуму бүгүнкү күндө актуалдуу болгон маселелерди талкуулоого жана бардык кызыкдар тараптар менен диалог кылууга дайым ачык. Биз сын-пикирге даярбыз, эгер ал конструктивдүү жана сот системине пайдалуу болсо», — деп кошумчалады Жогорку Соттун төрайымы.

super.kg