Жогорку сот мындан ары  коррупцияга жана кызматтык кылмыштар менен байланышкан иштерге өзгөчө  көңүл бураарын жыл жыйынтыгын  чыгарган жыйындарда Жогорку соттун  Төрайымы Айнаш  Токбаева  белгилеген  эле. Маалым болгондой ушул  тапта  ар  бир  судьянын  иши өз  өзүнчө  каралып, ар  биринин  иши  көзмөлдө. Аны  менен сот  тутумунда сот  адилеттигин  жүзөгө ашыруу  багытында бир  топ көзгө  көрүнүктүү  иштерди санап  өтүүгө  болот.  Бүгүнкү  биздин  маектешибиз Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Айбек Молдакунов.

 Айбек Карыбекович,ар  бир  иштин башы  жана жыйынтыгы  болот  эмеспи. Сот тутумунда  башталган  реформалардын жыйынтыктары кандай болуп жатат?

-Негизи реформа бүгүн  башталды  эртең  бүтүш  керек деген  түшүнүк жаңылыштык  деп  айтаар  элем. Сиздерге жакшы  маалым сот  реформасы өлкө жаңы  баш  мыйзамды  кабыл  алгандан  бери  башталды.  Андан  бери канча  жакшы иштер  жасалды. Аны  белгилеп  кетишибиз  керек. Акыркы  жылдары 70  пайызга  жакын судьялар  жаңыланды.  Жаңы  толкундун келиши менен  ишке  болгон  мамиле да өзгөрдү. Жашоо  бир  огунда  турбагандай  эле, судьялар  чечим  чыгарарда  жетекчилик кылган мыйзамдык  базалар да  жаңыланды. Жаңы  кодекстер кабыл алынды. Азыр Жогорку  соттун  Пленуму да  жакшы  иш  алып  барууда. Бул  бирдиктүү соттук  тажрыйбаны  колдонууга жардам берүү. Албетте, айта  берсе  келечектүү иштер  жасалып  жатат.  Өткөн  жылдын  жыйынтыгына токтоло турган болсом,  Ысык-Көл областынын шаардык, райондук сотторунда  өткөн жылы жалпысынан  1291 жазык иштери каралган.   Анын ичинен 593 жазык иштери боюнча өкүм кабыл алынып, 420 жазык иши кыскартылган. 9 иш боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулуп, 14 жазык иш тергөөнүн кетирген мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн жана 225 иш прокурорго кайтарылып жиберилип, ал эми 1 иш боюнча жеке айыптоо арызы кабыл алуудан баш тартылган жана 29 иш башка соттун кароосуна жөнөтүлгөн. 2016-жылы 1561 жазык иши каралып, 2017-жылы 270 жазык ишке азыраак каралган. Мындан тышкары, 3853 административдик укук бузуулар боюнча материалдар жана 2558 соттук материалдар каралган . Ал эми,  жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы апелляциялык тартипте 132 иш 186 адамга карата караган, кассациялык тартипте  56 иш 71 адамга карата каралган.  Административдик укук бузуу жөнүндөгү материалдар боюнча 2017-жылы апелляциялык тартипте  42 материал, кассациялык тартипте  8 материал каралган. Соттук материалдар (жазык сот өндүрүшүнүн тартибинде) боюнча апелляциялык жана кассациялык тартипте 70 материал каралган. Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 2017-жылы апелляциялык тартипте 320 иш, кассациялык тартипте 114 иш карады. Өткөн 2016-жылга салыштырмалуу апелляциялык тартипте 131 ишке көп, ал эми кассациялык тартипте 34 ишке аз каралган. Жалпы каралган иштердин саны 434, өткөн 2016-жылга салыштырмалуу 97 ишке көп. Соттук материалдар 2017-жыл ичинде апелляциялык тартипте 47, кассациялык тартипте 9 материал каралды, ал эми 2016-жылы апелляциялык тартипте 31, кассациялык тартипте 14 материал каралган, ошондо быйылкы жылы материалдар 2016-жылга салыштырмалуу апелляциялык тартипте 16 материалга көп каралды, ал эми кассациялык тартипте 5 материалга аз каралган. Көзөмөл тартибинде каралган 78 экономикалык жана административдик иштер жана соттук материалдар боюнча  сот актыларынын сапаты боюнча: күчүндө калганы 52, жокко чыгарылганы 26, өзгөртүлгөнү жок. Жалпысынан Ысык-Көл областынын  жергиликтүү сотторунун иш алып баруусу мыйзам чегинде жүргүзүлүүдө жана иш боюнча мыйзамдарды одоно бузуулар аныкталган эмес.

Кетирилген катачылыктар жана кемчиликтер боюнча ай сайын талкуулоолор  жана мындан ары аларды жоюу  боюнча иштер жүргүзүлүүдө, иштерди кароодо, иш боюнча чечим кабыл алууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бирдиктүү юридикалык практикага келүү үчүн көйгөйлүү маселелер боюнча тийиштүү иш чараларды алып баруудабыз.

Тартип болгон жерде  сапат болот эмесби, Жогорку соттун төрайымы талап менен тартипти бирдей койду эле. Бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?

 -Туура айтасыз. Ар  бир иште биринчи кезекте  тартип сакталышы керек. Бул эмне деген  түшүнүк? Бул деген судьялардан  тартып сот аппаратынын кызматкерлеринин жумушка болгон  жоопкерчилиги. Жумушка өз убагында келип, сот отурумдарын белгиленген мөөнөттөн өткөрбөй баштоо. Кээде  ушул жөнөкөй  маселелер  элдин  пикирин буруп коет. Жогорку  соттун  төрайымы жыл  жыйынтыгын  чыгарган  жыйында бардык судьяларга иштерди бирдей бөлүштүрүү, процессуалдык нормаларды сактоо, коррупцияга жол бербөө, судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосу, мамлекеттик алым  жана соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө  ж.б. маанилүү маселелерге токтолгон. Мына  ушул  талаптарды аткаруунун үстүндө  иштеп жатабыз.

Сот реформасынын  алкагында  сот  имарттарын  оңдоп-  түзөө,  имараттар  жок  жерлерде жаңысын  куруу  иштери  активдүү жүрүп  жатканы  байкалат.  Сиздердин  аймакта  кандай?

-Бул  иштерге акыркы жылдары  өзгөчө  көңүл бурулуп жатат. Ар  бир  курулуш,  ремонт  жүрүп  жаткан  аймактын  иштери  менен Төрайым  өзү  барып  көрүп  иштин ыргагы  менен таанышып  кемчилдиктерди айтып жатат. Өткөн жылы Жети-Өгүз райондук сотунун, Ак-Суу райондук сотунун жана Балыкчы шаардык сотунун имараттарын оңдоп-түзөө үчүн жана Каракол шаардык сотунун имаратын реконструкциялоо үчүн акча каражаттары  бөлүнгөн. Кызыл-Суу айылында жайгашкан Жети-Өгүз райондук сотунун имараты 1970-жылы салынып, кийин 2013-жылдын 27-мартында соттун балансына өткөн. Учурда имараттын ички жана сырткы жасалгасы заман талабына ылайык толук бүткөрүлгөн. Ал эми  Ак-Суу айылында жайгашкан Ак-Суу райондук сотунун имараты 1995-жылы соттун карамагына өтүп, ушул мезгилге чейин бир да оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес эле,  2017-жылдын ноябрь айынын аягында оңдоп-түзөө иштери башталса, учурда аягына чыкты. Ошондой эле Балыкчы шаардык сотуна берилген имарат толук капиталдык оңдоп -түзөөдөн өткөрүлүп, дээрлик бүтүп калды. Ал эми Каракол шаардык сотунда реконструкция иштери жүргүзүлүп, сотко келген жарандар үчүн ыңгайлуу болуусу үчүн бирдиктүү терезелери менен канцелярия жана архив биринчи кабатка жайгаштырылган. Ал эми судьялардын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин  иш бөлмөлөрү экинчи кабатка чыгарылды. Мындан тышкары, мыйзам менен тил табыша албаган балдар үчүн атайын бөлмөлөр ачылды. Бул имараттардын баарында сотко келген жарандар жана соттун кызматкерлери үчүн абдан ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.   Имараттарды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» багытындагы  мамлекеттик максаттуу программанын алкагында жүргүзүлүүдө. Аткарылган иштер судьялардын, сот кызматкерлеринин жана сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоонун жана коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатат.

               Маектешкен: Г. Аширбаева

Булак: «Фабула»

Булак: «Эркин Тоо»