Медалдын  эки  бети  бар  сыяктуу эле,  сотторду бир  беткей эле  жиликтей  берүү да  туура болбосо  керек. Белгилүү  болгондой  сотко   бири-бирине  нааразы  болгон  эки тарап келет  Албетте,  ар  биринин  өз  чындыгы  бар.  Бирок  мыйзамда  жазылган тартипти кайда  ката аласын.  Турмуш чындыгы  көрсөткөндөй эч  качан  жеңген  адам сот мага  адилет  чечим чыгарып  берди  деп жар  салбайт экен. Бүгүнкү  маектешибиз Жалал-Абад областтык сотунун  төрагасы Шаршенбек Камбаров. Тажрыйбалуу  судья  менен өткөн  жылга саресеп  салып, сот  тутумунда  жүрүп  жаткан иштер  туурасында сүйлөштүк.

Сизге  белгилүү  болгондой  соттордун дарегине  көп  сын  пикирлер  айтылып келет. Ошентсе да жыл жыйынтыгын чыгарып  жатып,  сот адилеттүүлүгүнө  жетишүүнүн артында  бир топ кадамдар жасалганы  байкалып турат. Жалал-Абад облустук  соту   2017-жылды  кандай  жыйынтыктады?  

-Жалпысынан   Жалал-  Абад  областынын  райондук,  шаардык  сотторуна  жалпы  1850  кылмыш  иш  келип  түшүп,  1594  кылмыш  иши  толугу  менен  каралып  бүткөн. Анын  ичинен  834  кылмыш  иши  өкүм  чыгаруу  менен  каралып,  жалпысы  945  адам           соттолгон.  Ал  эми  2016-жылы  Жалал-Абад  областынын  райондук,  шаардык  сотторуна   эски  жылдан  калган  иштер  менен  биригип  2074  кылмыш  иш  келип  түшүп,  1807 кылмыш  иши  толугу  менен  каралып  бүткөн.  Анын  ичинен  953  кылмыш иши  өкүм  чыгаруу  менен  каралып,  ал  өкүмдөр  менен  1080  адам  соттолгон. Демек,  2017-жылда  өткөн  2016-жылга  салыштырмалуу  жалпы  каралган  иштердин  саны  224  ишке  азайган,  анын  ичинен  өкүм  чыгаруу  менен  119  ишке  аз  каралган. Бул  жылы  райондук жана шаардык  соттор  тарабынан  каралган  жазык  иштердин  категориялары  боюнча  иштердин  жана  адамдардын  санын  2016-жылга  салыштырмалуу айта  турган  болсок,  киши  өлтүрүү  боюнча  жасалган  кылмыш  иштердин  саны  2  ишке,  3  адамга  азайган; зордуктоо  боюнча  жасалган  кылмыш  иштердин  саны  9  ишке,  11  кишиге  азайган; менчикке  каршы  жасалган  кылмыш  иштердин  саны  6  ишке,  9  адамга  көбөйгөн; хулиганчылык  боюнча  жасалган  кылмыш  иштердин  саны  17  ишке,  45  адамга  көбөйгөн; баңги  заттарга  байланышкан  кылмыш  иштердин  саны  11  ишке,  16  адамга  азайган; кызматтык  кылмыш  иштердин  саны  36  ишке,  51  адамга  азайгандыгы  маалым  болду. Ал эми, Жалал-Абад областынын райондук, шаардык сотторунун өндүрүшүнө баардыгы болуп 11028 жарандык иш  келип түшкөн, 2016-жылдан калдык болуп 1472 иш калган.

Жыл жыйынтыгын  чыгарууга  арналган жыйындарга Жогорку  соттун  төрайымы  Айнаш  Токбаева  өзү  катышып, ар  бир  судьянын  иши  бааланып, сот адилеттүүлүгүн  жүзөгө ашыруу багытында бир  катар  тапшырмаларды  коюуп келди эле. Бул багытта кандай  кадамдар жасалып жатат?

-Чынында  Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын судьялардын алдына  койгон  талаптары өз  убагында  жана  өтө негиздүү экендигин белгилеп кетким келет. Анткени элдин  талабы да   ошондой. Төрайым эң  башкы  максат  сот  адилеттүүлүгүнө жетишүү экенин эскертти. Мындан  сырткары, ар бир  судьянын  иши  көзөмөлдөнүп турары маанилүү. Бул эң алгач  жоопкерчилик. Себеби,   тартип  болгон  жерде  сапат  болору бышык. Ошондуктан, Жалал-Абад  облусунун  соттору өз учурунда  жумушка  келип, сот  процесстерин  белгиленген саатта   баштап, сот  отурумуна  келгендерге жылуу  жумшак  мамиле жасап, алардын  мүдөө- талабын  мыйзамдын  алкагында аткарууга жетишүүгө  болгон  аракетибизди  жумшап жатабыз. Жергиликтүү сотторго  учурда Жогорку сот тарабынан сот  ишмердүүлүгүнө алдыңкы технологияларды киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Айта кетсек, азыркы убакта бардык областык соттордо жана Жогорку соттун өзүндө видео байланыш орнотулуп, ал аркылуу бир катар маселелерди ыкчам түрдө чечүүгө, бирдиктүү сот практикасын  иштеп чыгууга, жергиликтүү соттор менен түз кеңешмелерди өткөрүүгө шарт түзүлдү. Бул абдан  чоң  жетишкендик. Жыл  жыйынтыгын чыгарган жыйында Айнаш Токбаева каралган иш боюнча соттук актыларды sot.kg порталына жайгаштырууга судьялар милдеттүү экенин эскертти. Мындан тышкары Төрайым судьяларды жана соттордогу аппарат кызматкерлерди   эмгек тартибин сактоого чакырды.

Кооопсуздук Кеңешинде коррупцияны ооздуктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти  тарабынан    көтөрүлүп, сот тутумунун  дарегине айтылган  кемчиликтерди четтетүү  жана жоюу  багытын жетекчиликке  алып, мындан  ары Жогорку  сот  коррупция менен кызматтык кылмыштарга өзгөчө көңүл буруларын жалпыга  маалымдоо каражаттарынан  белгилүү болду. Бул  багытта эмнелерди айта  аласыз?

 -Ооба,   Жогорку сот мындан ары коррупцияга жана кызматтык кылмыштар менен байланышкан иштерге өзгөчө  көңүл бураарын Айнаш  Токбаева эскертти. Аны менен  айрым судьялардын бул категориядагы иштердин эч бир себепсиз кыскартып, негизсиз шарттуу жаза белгилеп, же жеңил жаза бергендиги түрткү болгондугун кошумчаланган. Ошондой эле,   ишти кароодо создуктуруп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүн өткөрүп, ишти кыскартуу фактылары боюнча судьяларга карата текшерүү жүрөрүн жана алардын жоопкерчилиги карала  турган болду. Ошондой  эле, төрайым судьяларды  иши  сотто  каралып  жаткан  тараптар  менен  байланышка  барбай,  сот  тутумунда  коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө  чакырды. Биз  мына  ошол тапшырманы кынтыксыз так  аткаруунун  үстүндө иштеп, ар  бир  ишке өзгөчө  көңүл буруудабыз. Мыйзамдарга ылайык ар  бир  судья  мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерди так аткарууга  милдетүүбүз.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын негизинде иштелип чыккан “2014-2017-ж. Кыргыз Респубикасынын сот тутумун өнүктүрүү жөнүндө” Мамлекеттик максаттуу программасынын алкагында кандай  кадамдар жасалып жатат?

-Кыргыз Республикасынын соттор кеңешинин колдоосу менен Жогорку Сотунун төрайымынын  түздөн-түз демилгесинин жана сот  департаментинини көзөмөлүнүн астында, Жалал-Абад областынын жергиликтүү сотторунун имараттары капиталдык ремонттон өтүп аягына чыгуунун астында турат. Ошондой эле баса белгилеп кетчү нерсе алыскы райондордун бири, Чаткал райондук соту үчүн жаңы  заманбап имараттын курулушу 75 пайызга бүткөрүлдү, анын 2018-жылдын жай айларынын аягына барып колдонууга беребиз деген үмүттөбүз.  Кошумчалай кетсек,  Жалал-Абад областтык сотунун жаңы имараты  2016-жылдын  май айында бүткөрүлүп,  азыр  толук  кандуу иш ыргагы жүрүп жатат.  2017-жылдын март айында Сузак райондук соту колдонууга берилди. Жыл башында  Токтогул райондук сотунун имараты реконструкцияланып, капиталдык ремонттон өттү.  Ала-Бука райондук сотунда тейлөө ремонту бүтүп, заманбап шарттарда иштерин алып барышууда. Ошондой эле Базар-Коргон, Аксы, Таш-Көмур, Тогуз-Торо райондук сотунун имаратында кезектеги тейлөө ремонту жүргүзүлүүдө.Мындан сырткары сот отурумунун катышуучулары өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн заманбап ыңгайлуу шарртар түзүлүүдө.  Жалпысынан Жалал-Абад областында райондук жана шаардык сотторду кошкондо 14 соттун имараты бар.

            Шаршенбек Кашкарлыкович, айтылып жаткан Мамлекеттик максаттуу программанын алкагында, коомчулуктун укуктук  маданиятын жогорулатуу максаттарында жана сот органдарынын ачык-айкындуу болушуна областагы жагдайлар кандай ?

Жергиликтүү элдин укуктук маданиятын жогорулатуу жана кылмыштарды алдын алуу максатында, областтык, шаардык жана райондук соттун судьялары мектептердеги окуучуларга, жогорку окуу жайларынын студенттерине жана башка мекеме-ишканалардын кызматкерлерине, алар жайгашкан жерине барып, ачык сабактарды, лекцияларды жана талкуулоолорду жүргүзүп келүүдө. Анткени, жарандар мыйзамдын талаптарын жакшы билсе жана сыйласа, кылмыш жасоонун кесепеттери тууралуу маалыматы болсо, коомчулукта ар кандай кылмыштуулук жана соттордо жарандык тартипте каралып жаткан талаш-тартыштар да азаят. Биз байкагандай мындай иш-чаралар угуучулардын кызыгуусун жаратып, өздөрүн кызыктырган укуктук суроолор боюнча жоопторун алууга да шарт түзүлөт экен.

Мындан сырткары сот органдарынын ачык-айкындуулук маселесин чечүүдө областтык, шаардык жана райондук соттордо ачык эшиктер күндөрү өткөрүлүүдө. Бул күндөрү коомчулук сотко келишип,  областтык соттун кеңсесине иштер түшкөндөн баштап, иштер кантип каралып бүтөөрүнө чейинки  ишмердүүлүгү жана иш алып баруусу боюнча маалымат алышат, ошондой эле байкоочу катарында ачык соттук отурумдарга катышууда. Мындай иш чаралардан улам, жарандар сот органдарында иш оңой эмес, оор экендигине күбө болуп кетишүүдө.

Маектешкен: Маркэл Болотов