Соттук реформанын алкагындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу Нарын облустук соту  “Ачык эшиктер” күнүн  өткөрдү. Нарын шаарындагы юридикалык колледждин 1-2- курстарынын студенттери    аталган иш чаранын коноктору болушту. Болочок  юристер облустук соттун имараты,сот отурумдары өтүүчү залдар менен жакындан   таанышып,   мында    эмгектенип жатышкан сот аппаратынын кызматкерлеринин  кабинеттеринде да болушуп, чакан “экскурсиянын”  жүрүшүндө сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тартиптери тууралуу  жалпы маалымат алышты.

Мындан соң студенттерди  Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Майрагүл Дүшөнбекова   менен  облустук соттун судьясы  Мирлан Байышов кабыл алышып, экинчи инстанциядагы соттун функционалдык милдеттерин,   сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан     реформанын алкагында колдонууга кирип жаткан Кодекстер жана алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрү кызыккан суроолоорго да  ынанымдуу жоопторду  алышты.

Эскерте кетсек: Нарын шаарындагы юридикалык колледж 2006-жылы ачылган. Учурда аталган окуу жайда 120га жакын студенттер билим алып жатышат.   Жыл сайын   30-35 студент  окуу жайды аяктап,  атайын орто билимге ээ болушат.

         Нарын облустук сотунун

          басма сөз катчысы Барктабас Белеков