Урматтуу  Пленумдун катышуучулары,

Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформа жазык мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган, ошол эле убакта оор жана өзгөчө оор, коррупциялык мүнөздөгү кылмыштардын өсүшү байкалууда. Мындай жагдайда, жазаны белгилөөдө жасалган кылмыштын мүнөзүнө жараша ар бирине жекече мамиле кылуу өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 1991- жылдын 4-апрелиндеги “Республиканын соттору тарабынан эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилоо боюнча соттук тажрыйба тууралуу” токтомун кабыл алынгандан бери 27 жыл өткөндүгүн, аталган мезгил ичинде мыйзамда көптөгөн өзгөрүүлөр болгондугун эске алып, жаңы токтомдун долбоорун иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын соттору эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилөөдө ар бир жасалган кылмышка мыйзамдын жеке жоопкерчилик жөнүндөгү талаптарын жетекчиликке алышат. Ошону менен бирге, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган жана мурда соттолуп, оңолуу жолуна түшүүнү каалабаган адамдарга жеңил жаза белгилеген фактылар орун алган учурлар бар. Соттор тарабынан оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган адамдарга өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, шарттуу соттоону колдонбоо жөнүндө мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурлар кездешүүдө.

Аталган долбоордо КР КЖКнин 59,60-беренелеринде каралган кылмыштар жыйындысы жана өкүмдөр жыйындысы боюнча жазаны белгилөөдө, ошондой эле алдын ала камоо убактысы жазанын мөөнөтүнө кошо эсептөө тууралуу маселе каралган.

Мындан тышкары соттордун КР КЖКнин өзгөчө бөлүгүндө каралган кошумча жазаны милдеттүү түрдө белгиленген учурун эске алуу менен, КР КЖКнин 56-беренесине шилтеме жасоо жана өкүмдө кошумча жаза белгилөө тууралуу маселенин талкууланышына да көңүл бурулган. Мыйзамдын талабына ылайык жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар болуп КР КЖКнин 55-беренесинде каралган жагдайлар гана аныкталгандыгына да соттордун көңүлү бурулган. Аталган беренинин 3-бөлүгүнө ылайык, жаза белгилөөдө сот башка жагдайларды оордотуучу жагдай катары тааный албайт.

Долбоордо ушул жана башка маселелер кеңири каралып, аталган катачылыктар боюнча түшүндүрмөлөр берилген.

Ошондой эле, колдонулуп жаткан 1991-жылдагы эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилөө боюнча токтомдон айырмаланып, аталган долбоордун 5-пунктунда кайсыл учурда шарттуу соттоо колдонулбай тургандыгы жөнүндө каралган.

Мындан сырткары, токтомдун долбоорунда айыпты, үч эселенген айыпты аткаруусу мүмкүн эместигине байланыштуу эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу жөнүндө сот аткаруучулардын өтүнүчүн кароодо, сот жазаны аткаруудан четтегендиктин себептерин айкындап-тактоого тийиш, ошондой эле мыйзам менен соттолуучунун айыпты төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же узартууга укугу каралгандыгын эске алууга жатат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу Кодексинин 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде соттолгондун жазапулду бир эле мезгилде төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо, сот соттолгондун өтүнүчү жана жазаны аткаруучу органдын корутундусу боюнча төлөөнүн мөөнөтүн алты айга чейин узартып же кийинкиге калтырышы мүмкүн.

Тактап айтканда, айыпты, үч эселенген айыпты төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбосо сот аткаруучулар соттолгондорго алардын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө тууралуу сотко кайрылуусу жөнүндө укугун түшүндүрүшү керек. Соттор аталган кайрылууларды кароодо, буга чейин төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырылгандыгын же бөлүп төлөнгөндүгүн аныктоо зарыл, анткени кайра дагы төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.

Сот айыпты же үч эселенген айыпты төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп толоо тууралуу соттук актыны кабыл алган учурда, соттолгон 6 айлык мөөноттүн ичинде жазаны аткаруусу тийиш. Эгерде соттолгон аталган мөонөттүн ичинде жазаны аткарбаса, жазаны аткаруудан четтөө деп эсептелиши керек.

Сот аткаруучу айыпты, үч эселенген айыпты эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу тууралуу сунушту жазапулду төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөөнүн мөөнөтү өткөндөн кийин сотко сунуш киргизиши мүмкүн.

КР КЖКнин 49-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык эркиндигинен ажыратууга соттолгон жаш курагы элүү бештен ашкан эркектердин жана жаш курагы элүүдөн ашкан аялдардын жаза мөөнөтү КР КЖКнин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган эң чоң жогорку эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашпайт.

КР КЖКнин 58-беренесинде каралган өнөкөт, коркунучтуу өнөкөт жана өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар үчүн жаза белгилөөдө КР КЖКнин 49-беренесинин 8-бөлүгү артыкчылыкка ээ.

Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза белгилөөдө соттор мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүнүн түрүн жана өлчөмүн кылдаттык менен аныктап, өкүмдүн кириш бөлүгүндө так көрсөтүп, КР КЖКнин 60-беренесинин негизинде акыркы өкүм боюнча белгиленген жазага мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгү толугу менен же жарым-жартылай кошулат.

Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, жаш кыздардын жана жашы жетпеген адамдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдарга, Кылмыш-жаза Кодекстин 224, 225. 226 — 226-6, 227, 232, 299 — 299-3, 303-309, 313-315 жана 375-статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт.

Өнөкөт кылмыштарды жасагандарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт. КР КЖКнин 58-беренесине ылайык өнөкөт кылмыштар КР КЖКде каралган негиздерде жана чектерде кыйла катуу жазага тартууга алып келет.

КР КЖКнин 59-беренесинин 4- бөлүгүнүн жана (же) 60-беренесинин негизинде белгиленген эркиндигинен биротоло ажыратуу жазасынын мөөнөтү акыркы өкүм чыгарылган күндөн тартып эсептелет.

Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча акыркы жаза жаңыдан жасалган кылмыш үчүн дайындалган жазага Караганда да, ошондой эле мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүнөн да жогору болууга тийиш экендигине соттордун көңүлү бурулсун.

Эки же андан көп кылмыштарды жасагандыгы үчүн жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилөөдө, сот түзөтүү мекемесинин түрүн ар бир кылмыш үчүн эмес, жазаны биротоло белгилегенде гана дайындашы зарыл.

Кызматтык милдеттерди аткарууда жасаган кылмыштар боюнча ар бир учурда сот мындан ары соттолуучунун белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу (белгилүү иш жүргүзүү) тууралуу маселени талкуулашы керек. Бир нече кылмыштарды жасаган адамга кошумча жаза чектөөдө бир кылмыш үчүн өзүнчө же болбосо бир нече кылмыштар үчүн өзүнчө белгилеп, андан кийин жазалардын жыйындысы боюнча чечим кабыл алат.

Жогорудагы Сиздердин талкууларыңыздарга коюлган КРнын Жогорку сотунун Пленумдун долбоору КРнын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор тарабынан талкууланып КРнын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңешиндеги каралып жактырылган.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!