Урматтуу  коллегалар,

Сиздердин карооңуздарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун “Жарандык иштерди соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө” токтому сунушталууда.

Бул токтом жарандык жана экономикалык иштерди кароо боюнча бирдиктүү соттук тажрыйбаны түзүү процессин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин 2017-жылдын 14-октябрындагы №289-буйругунун негизинде түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун иш жүргүзүүсүнүн алкагында иштелип чыкты.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, 2017-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин жаңы редакциясы колдонууга киргизилген.

Бул Кодекстин 15-главасында жарандык иштерди соттук териштирүүгө даярдоо боюнча тартиби белгиленип, ишти өз убагында жана туура чечүүнү камсыз кылуу максатында алдын ала сот жыйналышын өткөрүү боюнча жаңы институту киргизилди.

Жаңы кодекс киргизилгенден бери кыска мөөнөт өткөндүгүнө карабастан, иштерди соттук териштирүүгө даярдоо жергиликтүү соттордо айрым бир суроолор пайда болууда. Андыктан кодексинин ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибин жөнгө салган укук-ченемдерин бирдиктүү жана туура колдонууну камсыз кылуу максатында Жогорку Соттун Пленумуна бул токтомдун долбоору сунушталып жатат.

Пленумдун токтомунун долбоору жарандык иштерди өз убагында жана туура чечүү үчүн иштерди соттук териштирүүгө даярдоо стадиясы чоң мааниге ээ болуп, жарандык процесстин милдеттүү стадиясы болуп эсептелингендиги, жарандык иштер боюнча сот ишин жүргүзүүнүн алкагында иштерди соттук териштирүүгө даярдоо стадиясы кандай тартипте өткөрүлүүгө тийиш болгондугу, ошондой эле бул стадияда судья жана тараптар же ишке катышуучу жактар тарабынан кандай иш аракеттер жасалышы керектиги, алдын ала сот жыйналышын дайындоо жана өткөрүү тартиби жана башка суроолор боюнча түшүндүрмөлөрдү камтыйт.

Пленумдун токтомунун долбоору жергиликтүү сотторго  жиберилип, алардан бир топ сунуштар жана сын-пикирлер келип түштү.

Токтомдун долбоору Илимий-консультативдик Кеңеште талкууланып, андагы сунуштарды эске алуу менен дагы кошумча иштелип чыкты.

  1. Сиздердин карооңуздарга сунушталып жаткан токтомдун айрым бир жоболоруна токтоло турган болсок, жарандык сот ишин жүргүзүүдө иштерди туура жана өз убагында кароодо жана чечүүдө иштерди соттук териштирүүгө даярдоо чоң мааниге ээ болгондуктан, токтомдун 1-пунктунда жарандык сот ишин жүргүзүүдө иштерди соттук териштирүүгө даярдоо стадиясы милдеттүү экендиги баса белгиленди.
  2. Жарандык иштерди соттук териштирүүгө даярдоо жарандык иш боюнча сот өндүрүшүнүн өз алдынча этабы болгондуктан, токтомдун 2-пунктунда доо арыз сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылып, жарандык иши козголгондон кийин гана судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо этабына өтүүгө укукту болгондугу түшүндүрүлдү. Муну менен бирге, иштерди соттук териштирүүгө даярдоо стадиясында доо арызды кабыл алуудан баш тартууга, доо арызды кайтарып берүүгө жана доо арызды кыймылсыз калтырууга жол берилбестиги, мындай аракеттер жарандык ишти козгоо стадиясында гана мүмкүн экендиги боюнча сотторго түшүндүрүлөт.
  3. Сунушталып жаткан долбоордун өз алдынча пункту менен судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктамада тараптар же ишке катышуучу жактардын аракеттери, ошондой эле судьянын өзү тарабынан жүргүзүлө турган иш-аракеттер көрсөтүлүүгө тийиш экендиги жана соттун ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктамасынын көчүрмөсү тараптарга жиберилбейт жана бул аныктама даттанууга жатпайт деп белгиленген.
  4. Сотко келтирилген доонун негизин жана предметин, тараптардын талаптарын жана каршы пикирлерин тактабастан, иш үчүн маанилүү болгон далилдерди чогултпастан, ишти соттук териштирүүгө дайындоого жол бербөө максатында, долбоордун өзүнчө бир пункту менен ишти соттук териштирүүгө даярдоонун максаттары белгиленип, аларга төмөнкүлөр кирген:

1) ишти туура чечүү үчүн мааниси бар жагдайларды тактоо;

2) тараптардын укук мамилелерин жана жетекчиликке алына турган мыйзамды аныктоо;

3) ишке катышуучу жактардын курамы жөнүндө маселени чечүү;

4) тараптардын жана ишке катышуучу жактардын зарыл далилдерди берүүсүн камсыз кылуу;

5) тараптардын жарашуусу.

Көрсөтүлгөн ар бир максаттарды сапаттуу аткаруу ишти соттук териштирүүгө даярдоо стадиясында чоң мааниге ээ болгондугу жана аларды аткарбоо соттук териштирүүнү негизсиз создуктурууга жана соттук катачылыктарга алып келиши мүмкүн.

  1. Ишти соттук териштирүүгө даярдоонун жана дайындоонун мөөнөтү кодексте конкреттүү көрсөтүлбөгөн, ошондуктан ишти соттук териштирүүгө даярдоо иштин жалпы кароо мөөнөтүнө киргени сотторго түшүндүрүлдү.
  2. Токтомдун бир пункту менен жаңы Жарандык процесстик кодексинин 154-беренесинин негизинде алдын ала сот жыйналышы — жаңы институту киргизилгендигине соттордун көңүлдөрү бурулуп, мындай сот жыйналышы судья тарабынан соттук териштирүүнүн эрежелери боюнча протокол жүргүзүү менен өткөрүлүшү керектиги, ошондой эле тараптар белгиленген тартипте кабарландырылып, алар сотко далилдерди берүүгө, жүйөлөрдү өтүнүчтөрдү келтирүүгө укуктуу экендиктери чагылдырылды.
  3. Долбоордун бир пунктусу менен кодексинин 222-беренесинин 5,6-пункттарына ылайык алдын ала сот жыйынына доогер же тараптар келбей койду деген негизде доо арызды кароосуз калтырууга жол берилбестиги, себеби аталган укук ченемдердин негизинде доо арызды кароосуз калтыруу ишке катышуучу жактардын сот жыйналышына келбей коюшуна тиешелүү экендиги түшүндүрүлдү.
  4. Мындан тышкары, каралып жаткан долбоордо алдын ала сот жыйналышында, милдеттүү түрдө доогердин катышуусунда доонун же сотко кайрылуу мөөнөтүнүн эскиришин мыйзамда белгиленген тартипте колдонуу жөнүндө маселелерди кароого мүмкүн болгондугу белгиленген. Эгерде сотко кайрылуу мөөнөтү же доонун эскирүү мөөнөтү жүйөлүү себептерсиз өткөрүп жиберилгендигинин фактысы тастыкталган учурда иш боюнча башка жагдайлар иликтенбестен чечим кабыл алынат. Ал эми сот сотко кайрылуу мөөнөтү же доонун эскирүү мөөнөтү жүйөлүү себептерден улам өткөрүлгөн деген бүтүмгө келсе, анда ишти соттук териштирүүгө дайындашы керектиги, бирок, жоопкер соттук териштирүү учурунда доогер тарабынан сотко кайрылуу мөөнөтү же доонун эскирүү мөөнөтү өткөрүлгөн деген мазмунда өтүнүч келтирүү укугуна ээ болгондугу көрсөтүлгөн.

Ал эми, алдын ала сот жыйналышында жоопкер доону мойнуна алган учурда сот тарабынан иш боюнча башка жагдайлар иликтөөсүз доону канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алынып, бирок доону мойнуна алуу жазуу жүзүндө берилет жана иштин материалдарына тиркелгендигин баса белгиленген.

  1. Долбоордун дагы бир пунктунда сот иш соттук териштирүүгө даяр болду деген жыйынтыкка келсе, иш боюнча соттук териштирүүнү алдын ала сот жыйналышынан кийин эле тараптардын макулдугу менен жүргүзөт, бул жөнүндө өзүнчө аныктама чыгарылбайт, ал протоколго киргизүү эле жетиштүү болгондугу түшүндүрүлгөн.

Ошол эле учурда, эгерде алдын ала сот жыйналышына тараптардын бири катышпаса же ошол күнү териштирүүнү жүргүзүүгө макул болбосо, анда ишти соттук тершитирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама чыгарылып, ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө тараптар жана башка катышуучулары кабардар кылынышы керектиги боюнча соттордун көңүлдөрү бурулду.

Сиздерге сунушталып жаткан Пленумдун токтомунун долбоорунда камтылган маселелер жарандык иштердин соттук териштирүүгө сапаттуу даярдоого, ошондой эле алардын өз убагында каралып, чечилишине өбөлгө болот деген ишеничтебиз, андыктан долбоорду колдоп коюуңуздарды сурайбыз.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!