Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун Төрайымы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун  Аппаратынын кызматкерлери, бүгүн 6-апрелде, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында көчөт отургузушту.

Судьялар жана Аппараттын кызматкерлери Төрайымдын  жетекчилиги алдында 50дөн  ашык клён көчөттөрүн отургузуп, Бишкек  шаарынын Сухэ-Батора көчөсүнүн жээгинин көркүн ачышты.

Белгилей кетсек, Жогорку  соттун Төрайымы  Айнаш Токбаева тарабынан республика  боюнча сот  имараттарынын  аймактарын көрктөндүрүү жана ирээтке келтирүү тапшырмасы берилген.  Өткөн  аптада Жогоку соттун кызматкерлери, ошондой эле  ар бир областагы судьялар жана сот  кызматкерлери  жалпы ишембиликке чыгышып, айлана-тегеректи тазалашкан.

Бак отургузуп  жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева, шаарыбыз  мурдагыдай  жашыл, көрктүү болсун  деген  ниет кылып  жатканын  айтып, ар  бир жаран калаабыздын  экологиясынын  таза болушуна  салымын  кошушу  керек  деп  белгиледи.