Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева бүгүн, 7-апрелде элдик Апрель революциясында курман болгон баатырларды эскерди.

Жогорку соттун Төрайымы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл койду. Гүл коюлгандан кийин курман болгондордун элесине арналып куран түшүрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, экс-президент Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинен кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл койду.