Ош областтык сотунун экономикалык жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын экс-судьясы Калыгул Салиев жана Ош областтык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов Ош Мамлекеттик Университетинин журналистика кафедрасынын студенттери менен “Сот отурумдарын чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү жана аларды иликтөөнүн жолдору” аттуу темада лекция өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө Калыгул Салиев алгач сот тутуму, курамы жана судьялардын көз карандысыздыгы жөнүндө айтып,  жазанын максаттары, жаза белгилөө, ошондой эле сөз эркиндиги, ар-намыска шек келтирүүчү маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчиликтер, сот отурумдарынын маалымдуулугу жөнүндө кененирээк токтолуп өттү.

Ал эми областтык соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов сот отурумдарын чагылдыруу боюнча маалымат алуунун жолдорун жана тартиптери жөнүндө айтып, учурдагы сот отурумдарын чагылдырууда кетилип жаткан катачылыктарды санап, кабарчылардын негизги милдети болгон калыстыкты сактап, маалыматты туура берүү керек экендигин  кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда студенттер учурда болуп жаткан сот отурумдары, жарандардын укуктары, жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчиликтери боюнча суроолорду беришип, аларга толук жооп ала алышты.