2018 — жылдын 12-апрелинде  Талас райондук сотунун төрайымы Гүлнара Абылкасымова жана судья Ниязбек Калматов Талас районунун №6 орто кесиптик лицейинин мугалимдери жана студенттеринин катышуусунда лекция өткөрүштү.

Лекция жүрүшүндө аудиторияга мамлекеттик түзүлүштүн конституциялык негиздери, балдардын жана ата-энелердин укуктары менен милдеттери, сот тутуму – соттук түзүлүш,  сот процессинин катышуучулары жана алардын ролу туурасында кеңири маалымат берилди. Ошондой эле соттордун коомдун алдындагы социалдык жоопкерчилигине дагы токтолуп өтүштү.

Мындан сырткары, фемида өкүлдөрү студенттерге берилген маалыматтар түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу үчүн атайын даярдалган “Мен Кыргызстандын сот ситемасы жөнүндө билем” деген аталыштагы китепчелерди белек кылышты.

Өз кезегинде студенттер сот бийлиги, соттордун укуктары, милдеттери жана башка кызыктырган суроолорун беришип, кеңири дисскуссия жарата алышты.

Иш чаранын жыйынтыгында фемида өкүлдөрү студенттерге билим алууда ийгиликтерди каалап, өсүп келе жаткан жаңы муундун сот тутуму тууралуу түшүнүктөрүн жакшыртуу үчүн өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшкөнгө даяр экендиктерин  билдиришти.

 

 

Талас облустук басма-сөз катчысы

Назгүл Кулушева