2018 – жылдын 13 – мартында Талас облустук сотунда Тергөө органдарынын 55-жылдык мааракесине карата Талас облустук сотунун судьялары юбилейлик медал менен сыйланышты.

Кылмыштуулукту жоюу чөйрөсүндө, адамдардын жана жарандардын укуктарын, эркиндиктерин негизсиз чектөөгө жол бербөөнү көздөп, тергөө органдары менен сапаттуу кызматташтыгы үчүн Талас облустук сотунун төрайымы Клара Калиева, административдик жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Токтосун уулу Каныбек, судья Мирлан Боромбаев юбилейдик медалдар менен сыйланды.

Аталган сыйлыктарды Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчинин орун басары Талант   Өмүралиев тапшырды.

Өз кезегинде, фемида өкүлдөрү Талас облустук ички иштер башкармалыгына ыраазычылык билдирип, аларга кылмыштуулуктун бетин ачууда ийгиликтерди каалап, мындан ары дагы жарандардын жазык сот өндүрүшүндө конституциялык жана башка укуктарын сактоодо жана коргоодо үзүрлүү кызматташтыка ар дайым даяр экендигин кошумчалашты.

 

 

 

Талас облустук сотунун басма-сөз катчысы

Назгүл Кулушева