Бишкекте биринчи жолу судьялар арасында бильярд боюнча мелдеш болуп өттү. Турнирге Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун жана конституциялык палатынын судьялары катышышты. Иш чара сот ардагерлер кеңешинин демилгеси менен уюштурулду. Анда, 20га жакын судья катышып мыктылар аныкталды. Биринчи орунду Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу, экинчи орунду Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Улан Сагынбаев жана үчүнчү орунду ардагерлер кеңешинин төрагасы Турсун Алыбеков багындырышты. Белгилей кетсек сот ардагерлер кеңеши мындай иш чараларды дайыма өткөрүп турууну пландоодо.
Адистештирилген сайттын (sot.kg) жаңы дареги act.sot.kg.
Жогорку Соттун электрондук почтасынын жаңы дареги: vskr@sot.kg. Мурдагы почтага supcourt@sot.kg жиберилген кайрылуулар каралбай калат!
Наверх
Судья Айбек Эрнис уулу бильярд боюнча мелдеште биринчи орунду ээледи
16 апреля17:29Категорияга жайгаштырган: Жаңылыктар