Бүгүн, 25-апрелде, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаардык сотунун жаңы имаратынын  расмий ачылышы болуп өттү. Иш чарага Ысык-Көл облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев, Ысык-Көл областтык сотунун судьялары, Балыкчы шаарынын сотунун судьялары, сот кызматкерлери  катышышты. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Ачылыш аземинде, Токбаева сот  адилеттигин сапаттуу  жүзөгө ашыруу үчүн  ыңгайлуу шарттарды  түзүү керектигин белгиледи.

Аталган имарат  2016-жылдын 30-декабрында соттун карамагына өтүп, 2017-жылдын күз айларында оңдоп-түзөө иштери  башталган. Эки кабаттуу жаңы имаратта ар бир сот кызматкерлеринин өзүнчө бөлмөлөрү, эки сот залы, архив, жашы жете элек балдардын бөлмөсү, көзөмөл өткөрмө пункту, конвойлордун өзүнчө бөлмөсү жайгашкан.

maralfm.kg