Бүгүн, 2018-жылдын 4-майында, Бишкек шаарында  сот тутумуна болгон  коомчулуктун ишенимин жогорулатуу боюнча USAID  менен IDLOнун жаңы  программасынын бет ачаары болуп өттү.

Иш чарадага  Жогорку  соттун жана  жергиликтүү  соттордун  судьялары, Президенттик Аппараттын, Жогорку  Кеңештин, Өкмөттүн, мамлекеттик  органдардын  жана эл аралык  уюмдардын  өкүлдөрү  катышышты.

Өз  сөзүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Кыргызстанда сот реформасы  уланып  жатканын белгилеп,  реформанын негизги  максаты сот тутумуна болгон коомчулуктун ишенимин жогорулатуу жана бул үчүн  көптөгөн иштер жасалганын айтты. Мындан  сырткары,  бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири катары  сотторго тиешелүү болгон  мыйзамдык базаны өркүндөтүү, кадрларды даярдоо жана тандоо тартибин жөнгө салуу,  судьялардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, сот актыларына жетүүнүн  жолдорун жакшыртуу  болгонун  кошумчалады. Ошондой  эле, жарандардын сотторго болгон ишенимин жогорулатуу боюнча  бир топ иштер жасалганы менен,  бүгүнкү күндө   сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө  коомчулуктун пикирин жаратууга терс  таасир  берүүчү бир катар учурлар бар-деп  кошумчалады.

Ал  эми,  жаңы ишке киргизилип жаткан программа  орун алып жаткан көйгөйлөргө басым жасап, аны чечүүгө көмөктөшүп, натыйжада коомчулуктун  судьяларга  болгон ишенимин жогорулатып, соттордун аброюун көтөрөт деген ишенимин Айнаш  Токбаева билдирди.

Айта  кетсек, жаңы программа  төрт негизги жыйынтыктарга жетишүү үчүн багытталган.  Бул  коомдун муктаждыктарын өлчөө, анализ жана реакция кылуу аркылуу сот тутумун өнүктүрүү боюнча  ыкманы киргизүү, сот тутумуна болгон   ишенимди  жогорулатууда коомчулуктун жана мамлекеттик бийлик органдарынын катышуусу, көз карандысыздыгын, профессионалдуулугун, сот тажрыйбасынын бир түрдүүлүгүн жогорулатуу,  электрондук сот өндүрүшүн  киргизүү жана сот тутумунун  коомчулук менен байланышын  бекемдөө.

Кыргыз Республикасынын сот тутумуна болгон  коомчулуктун ишенимин жогорулатуу боюнча USAID  менен  IDLOнун  програмасынын бет ачаарынан сырткары,  уюмдун өкүлдөрү  алты жыл аралыгында жасалган  жетишкендиктер туурасында айтып беришти.