Урматтуу ардагерлер!

Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш  менен  чын  жүрөктөн  куттуктайм!

9-май —  элибиз үчүн жүрөккө  жакын  жана ыйык  майрам. Жеңиш  күнү дайыма эрдиктин  жана  баатырдыктын  символу   катары кала берет.

Биз, душманга төшүн  тосуп, жерибизди коргогон  ата-бабаларыбыздын эрдигине татыктуу  болушубуз абзел.

Эркиндик, эгемендүүлүк жана келечек  үчүн жанын аябаган баатырлардын  жаркын   элесине таазим!

Улуу Жеңиш  майрамыңыздар менен! Тынчтык  жана  бакубатчылык  каалайм!