Бүгүн, 2018-жылдын 9-майында, Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү митинги болуп өттү.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А. Жумабеков, КРнын Премьер-министри М.Д. Абылгазиев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева  катышышты.

Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева  митинг-реквиемдин катышуучулары менен бирге   Түбөлүк отко  гүлчамбар коюушту.

Мындан тышкары, иш чаранын катышуучулары аскердик парадга күбө болушту.

Белгилүү болгондой, 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи фронттон кайтпай калган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 475 согуш ардагери калды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева буга чейин бардык кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, эркиндик, эгемендүүлүк жана келечек  үчүн жанын аябаган баатырлардын  жаркын   элеси түбөлүк эсте кала тургандыгын билдирген.