Бүгүн,  2018-жылдын 11-майында, Бишкекте сот тутумунун кызматкерлери арасында футбол таймашы болуп өттү.  Бул спорттук мелдешке жалпысынан 12 команда  ат салышты.

Алар, Жогорку  сот, конституциялык палата, сот департаменти,  сот аткаруучулар, Бишкек  шаары, Ош, Талас, Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад,  Нарын  областтарынан  куралган команда  болду.

Кызыктуу  жана  татыктуу оюн  көрсөтө  алгандарды Жогорку  соттун Төрайымы  Айнаш  Токбаева  куттуктады.

Өз  сөзүндө Төрайым фубол   чыныгы мырзалардын  оюну экендигин  белгилеп, жамааттык  оюн кызматкерлердин ортосундагы биримдикти, ынтымакты бекемдей тургандыгын кошумчалады. Мындан  сырткары футбол  боюнча  кызыктуу  фактыларды  айтып  берди. Белгилүү  болгондой, эң узун футболдук оюн 1981-жылы Ирландияда катталган.  Анда эки команда  беттешип оюнчулары каршылаштарынын дарбазасына топ киргизе алышпай, оюнга 65 саат 1 мүнөт болду дегенде бир команда топ киргизип, жеңишке ээ болгон экен.

Айнаш  Токбаева ар  бир  оюнчуга  ыраазычылык  билдирип, сот тутумунун  кызматкерлери  иште   эле эмес, оюнда да өздөрүнүн тактыгын  көрсөтүштү-деп белгиледи.

Жыйынтыгында  мыкты  деп  табылган  төрт  командага кубок, медаль, диплом жана акчалай  сыйлыктар  тапшырылды.

Биринчи орунду  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын кубогун Чүй облустук сотунун кызматкерлери багындырышса, экинчи орунду Баткен облустук сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунду Талас облустук сотунун командасы ээлесе, төртүнчү орунга Жалал-Абад  командасы татыктуу болду.

Мындан тышкары бүгүнкү  мелдеште мыкты оюнчулар аныкталып, кызыктыруучу байгелерге ээ болушту.

Белгилей кетүүчү жагдай,  сот тутумунун кызматкерлери арасындагы  кичи-футбол боюнча  мелдеш экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Кийинки мелдеш эми Баткен облусунда өткөрүлмөкчү.