Базар-Коргон районунун стадионунда 2018-жылдын 12-май күнү Жалал-Абад областынын сот тутумунун кызматкерлеринин арасында футбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.

Анын негизги максаты  дене-тарбияны жана спортту сот тутумунда өнүктүрүү, ошондой эле кызматкерлерди спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болду.

Бул спорттук мелдеште Жалал-Абад областтык сотунун, Сузак, Аксы, Ноокен райондук соттордун, Кара-Көл, Майлуу-Суу шаардык соттордун жана Базар-Коргон райондук соттун 2 курама командалары катышышты. Командалардын курамына судьялар, соттун аппараттарынын, соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмдөрдүн кызматкерлери жана сот приставдары киришти.

Мелдештин жыйынтыгында байгелүү 1-орунду Жалал-Абад областтык соттун курама командасы ээледи, 2-орунду Кара-Көл шаардык сотунун командасы алды, ал эми 3- орунду Ноокен райондук соттун курама командасы ээледи. Байгелүү орундарды алган командалар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

                                               Жалал-Абад областтык сотунун басма-сөз катчысы

Маркэл Болотов