2018-жылдын 15-16 майында Талас райондук сотунун төрайымы Гульнара Абылкасымова Талас мамлекеттик университетинин «Кесиптик орто билим берүү» колледжинде, Талас шаарынын Медициналык жана Агрардык- экономикалык колледжинде  лекция окуду.

Төрайым студенттерге адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун негизи катары Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу сыяктуу мамлекеттин маанилүү саясаттары жөнүндө түшүнүктөрдү берип, ар бир жаран өлкөнүн келечеги үчүн жогорку укуктук маданият деңгээлин жана жоопкерчилигин билүү керектиги жөнүндө кеңири айтып берди.

Ошондой эле лекциянын жүрүшүндө аудитория sot.kg сайтынын иши менен жана ал жакта жайгашкан маалыматтар менен таанышышты. Ошону менен бирге студенттер мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык жардам алууга, ким жана кайда, кайсыл маселелер боюнча кайрылууга мүмкүн болот экендиги  туурасында  толук маалымат алышты.

Мындан тышкары иш чаранын катышуучулары  талкууга  жигердүү катышып, Кыргыз Республикасынын сот ситемасы жана соттору, Талас облусунун жергиликтүү сотторунун соттук өндүрүшү, ошондой эле мыйзам бузуунун кесепеттери жана аларды алдын алуу маселелери жөнүндө суроолорун беришти.

Лекциянын жыйынтыгында Талас райондук сотунун  төрайымы Гульнара Абылкасымова студенттерге окууда жана алдыдагы сынактарда ийгиликтерди каалап, ар бир жарандын күнүмдүк турмушунда мыйзам чегинде жүрүү зарылдыгын, мыйзамды жана укуктук тартипти урматтоону,  кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемделишине салымдарын  кошуу зарылдыгын белгилеп кетүү менен бирге, студенттерге жана окутуучуларга атайын даярдалган “Мен Кыргызстандын сот системасы жөнүндө билем” деген аталыштагы китепчелерди белек кылып тапшырды.

 

Талас облустук сотунун басма сөз катчысы

Назгүл Кулушева