Бүгүн, 17-майда Бишкекте  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Сот реформасы боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү. Бул кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында түзүлгөн.

Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева 2018-2022-жылдарга сот тутумун өнүктүрүүнүн жаңы программасы боюнча  кеңири доклад жасады.

Белгилүү болгондой, соттук реформаны улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊеши тарабынан 2016-жылдын 10-июнунда «Кыргыз Республикасынын сот тутумун 2018-2022 жылдарда ѳнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынып, стратегиялык документти иштеп чыгуу боюнча сот, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик бутактарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун курамы бекитилген.

Өз кезегинде жумушчу курам, сот тутумун өнүктүрүү стратегиясынын негизги багыттарын аныктоо максатында функционалдык анализ жүргүзүп, сот тутумунун күчтүү жана алсыз жактарын, соттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл экенин, сот тутумунун өнүгүүсүнө тоскоол боло турган тобокелдиктерден жана коркунучтардан кутулуу жолдорун аныктап, жыйынтыгында «2018-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын долбоорун иштеп чыккан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева  2014-2017 жылдарга карата максаттуу программага  киргизилген айрым маселелер жүзөгө  ашпай  калгандыктан, жаңы программага толукталып киргизилгендигин билдирди.

Төрайымдын айтымында,  2016-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси кабыл алынып, бул кодексте сот тутумунун бюджет долбоорун түзүүнүн тартиби соттордун көз каранды эместик принцибинин негизинде аныкталды. Бюджеттик кодекске ылайык Сот тутумунун бюджетин сот тутуму өз алдынча түзөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтери менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттке киргизилет.

Акыркы жылдары судьялар корпусу дээрлик жаңыланганы менен сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тийиштүү деңгээлдеги сапатта жүргүзүлбөй жаткандыгын Айнаш Токбаева белгиледи.  Жаңы дайындалган судьялардын көпчүлүгү биринчи жолу судьялыкка дайындалгандар. Алардын судьялык тажрыйбасынын жоктугу, албетте, иштерди кароого таасирин тийгизбей койбойт. Андыктан, жаңы дайындалган судьялар квалификациясын жогорулатууга муктаж. Буларды эске алып, максаттуу программада судьяларды окутуу маселесине да өзгөчө көңүл бурулду, деди Төрайым.

Мындан тышкары судьяларды окутуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине жүктөлгөндүгүн кошумчалады.  Белгилей кетүүчү  нерсе,  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин донордук жардамга көз карандылыгы, профессордук-окутуучу курамдын туруктуу штатынын жоктугу, тиешелүү окуу стандарттарынын жана программалардын иштеп чыгуусу да кайрадан эле донорлордун жардамысыз ишке ашпай жаткандыгы  каржылоо  маселесинин өтө курч экендигинен кабар берет.

Айнаш Токбаева өз докладында Сот тутумундагы кадрлар  потенциалын чыңдоо максатында судьяларды тандоодо судьянын алмашылбастыгы жана меритократия принциптерине таянуу сунушталып жаткандыгын айтты. Ал эми, жогорку инстанциядагы сотторго судьялык тажрыйбасы бар адамдар дайындалышы иштерди кароонун сапатынын жогорулашын, сот тажрыйбасынын бир нукта жүргүзүлүшүн шарттайт.

Эл аралык тажрыйбаны эсепке алганда, судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн тең жарымын сот бийлигинин  өкүлдөрүнөн шайлануусу  абзел. Мүчөлүккө көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин жеке жана адистик сапаттарына да талапты жогорулатуу зарыл.

Аталган маселелер мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылууга жатат, деди А. Токбаева.

Максаттуу программа Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин ишке ашыруу жаатындагы стандарттарга шайкеш келүүгө умтулуусу, ошондой эле маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен шартталган жаңы милдеттерди чечүүгө багытталууда.

Төрайым  быйылкы жылдын 4-кварталынан баштап сот процесстерин аудио жана видеого жазууну киргизүү каралып жаткандыгын айтты. Бул иш чаралар сот жыйналыштарынын протоколдорунда сот процесстеринин фиксациясынын анык эместигине даттанууларды жокко эсеге чыгарат.

Ошондой эле  сот системасынын приоритеттүү багыттарынын бири электрондук сот өндүрүшүн киргизүү экендигин белгиледи. Электрондук сот өндүрүшү сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого өбөлгө түзүп, бюрократиялык көрүнөштөрдү жоюп, сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылып, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюп,  арыз берүүчүлөр менен сот системасында иштегендердин ортосундагы байланышты төмөндөтүп, жыйынтыгында соттордун, сот аткаруучулардын  ишин оптималдаштырат.

Айнаш Токбаева докладдын соңунда  «2018-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын комплекстүү ишке ашырылышы сот адилеттүүлүгүн камсыздоону, кадрдык потенциалды чыңдоону жана сотторго болгон  ишенимди арттырууну,  ошондой эле, жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууну туура жолго салат деген  ишенимин билдирди.