2018-жылдын 17-майында Ысык-Көл областтык сотунун мурдагы судьясы жана «Аял-судьялардын кыргыз  ассоциациясы» коомдук бирикмесинин мүчөсү Аида Рыскулова Каракол шаарындагы И. Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинин жана Евразия инновациялык технологиялар институтунун студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Аида Рыскулова «Жарандардын укуктук маалымат алуу жаатында билимдерин өркүндөтүү» аттуу темада лекция окуду. Ал судьялар мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери катары коомчулук алдында өздөрүнүн социалдык жоопкерчиликтерин сезе билишерин, мамлекеттик органдардын иши, алардын укуктарды коргоо милдеттери туурасында токтолду.

Мындан тышкары жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүнүктөрүн жогорулатуу үчүн жаш муундун өкүлдөрү менен өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экенин айтты.

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору, аларды кайдан табуу кереги, юридикалык жардам кимдерге көрсөтүлөрү жана өлкөдөгү борборлордун даректери тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Ошондой эле Аида Рыскулова мамлекет кепилдикке алган жардам, үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы жаңы мыйзамдар жана ага кабылган жабырлануучулар кандайча укуктук жардам ала алары жөнүндө темаларга токтолду.

 Жолугушууда  Ысык-Көл областтык сотунун мурдагы судьясы студенттерге өлкөнүн  сот системасы жөнүндө айтып берип, биринчи инстанция, апелляциялык жана көзөмөл инстанция сотторунун иштөө тартиптерин түшүндүрүп,  www.sot.kg   сайты жана бул маалымат ресурсу эмнеге пайдалуу экендиги тууралуу айтып берди. Студенттер менен окутуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, толук жоопторун ала алышты.

Иш чаранын  соңунда Аида Рыскулова студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, аларга маалыматтык китепчелерди  тапшырды. Өз кезегинде аталган окуу жайлардын окутуучулары менен студенттери кызыктуу лекция өтүп бергени үчүн ага ыраазычылыгын айтышып, керектүү маалымат алышканын белгилешти.

Ысык-Көл областтык сотунун басма-сөз катчысы

                                                         Гульзада Аширбаева