Бүгүнкү күндүн реалдуу турмуштук тажырыйбалары      жарандарыбыздын  дээрлик басымдуу бөлүгү юридикалык  билимдерге муктаж экендигин көргөзүп келет.   Ушундан улам, жарандардын укуктук билимин жакшыртуу  максатында  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бекитилген иш чарага ылайык  жер-жерлердеги  жергиликтүү соттор  тарабынан  окуу жайларда,    мекеме-ишканаларда судьялардын катышуусунда жолугушууларды уюштуруп,    жарандардын укуктук  билимдерин жакшыртуу  багытында     тиешелүү иштер турмушка ашырылып келет.

“Жарандардын укуктук маалыматтар боюнча билим  алуусун жакшыртуу”,- деген  теманын  алдында  Нарын  шаарындагы медициналык атайын орто окуу жайдын  1-курсунун  студенттери  менен бүгүн  Нарын шаардык сотунун  судьясы Сейдакмат кызы Назира жолугушту.  Студенттер коомчулук үчүн  сот тутумундагы ачык-айкындуулуктун бирден –бир формасы болгон    “Sot.kg” интернет сайты,  үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, юридикалык акысыз жардам алуу сыяктуу маселелердин тегерегинде  жалпы маалымат алышты.

Жолугушууда Нарын шарындагы акысыз юридикалык жардам көргөзүү борборунун кызматкери, адвокат С.Токсумаков да катышып,  калктын аялуу катмарларына  көргөзүлүп жаткан жардамдар тууралуу  айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрү кызыккан суроолорго да жооп  алышты.

Ушундай  эле  форматтагы  жолугушуулар мындан  кийинки аптада да уланат. Бул биринчиден  Кыргыз Республикасынын  Жогорку соту тарабынан белгиленген    жана      Кыргызстандагы аял судьялардын ассоцациясы тарабынан демилгеленген  иш чаралардын алкагында уюштурулууда, -деп белгиледи  шаардык соттун судьясы Сейдакмат кызы Назира.

 

     Нарын облустук  сотунун   басма-сөз катчысы Барктабас Белеков