2018-жылдын 21-майында Ысык-Көл областтык сотунун мурдагы судьясы жана «Аял-судьялардын кыргыз  ассоциациясы» коомдук бирикмесинин мүчөсү Аида Рыскулова Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин  студенттерине  лекция окуду.

Бул иш чара студенттер өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн юридикалык маалыматтарды камтыган маалыматтык ресурстар тууралуу билимин жогорулатууга багытталган. Ошондой эле, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин  жөнгө салуучу жаңы мыйзамдар менен таанышуу үчүн өткөрүлдү.

Мындан тышкары студенттер өлкөнүн сот системасы жана соттук өндүрүш жөнүндө, www.sot.kg  сайты жана бул маалымат ресурсу эмнеге түзүлгөнү тууралуу кеңири маалымат алышты. Иш чаранын соңу суроо жооп  форматында уланды.

Лекциянын жыйынтыктап жатып, Аида Рыскулова студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, алар келечекте мыкты адистердин катарын  толукташарына тилектеш экенин билдирди.

Эске сала кетсек, бул лекциялар «Мыйзамдын үстөмдүгү» прогаммасы боюнча өлкөдөгү жогорку окуу жайларында жана колледждеринде «Жарандардын укуктук маалымат алуу жаатында билимдерин өркүндөтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Ал USAID дин колдоосу менен Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги  жана Ист-Вест-Менеджмент Институту  аркылуу ишке ашырылууда.

 

Ысык-Көл областтык сотунун басма-сөз катчысы

                                                                 Гульзада Аширбаева