Ат-Башы айылындагы Акматаалы Карыбеков атындагы орто мектептин 10-классынын окуучулары аталган иш чаранын коноктору болушту. Алгач окуучуларга  райондук соттун судьялары (төрайым Ж.Киналиева, судья Б.Бердыбаев)  сот тутумунун коомдогу милдети, биринчи инстанциядагы  сот өндүрүшүндөгү  аткарыла  турган милдеттер жана  жоопкерчиликтер тууралуу жалпы түшүндүрмө  маалымат беришти.

Ошондой эле бүгүнкү күндө республикабыздын ички саясатынын көнүл чордонунда болуп жаткан  сот тутумундагы реформалар жана  колдонууга кирип жаткан жаңы кодекстердин  өзгөчөлүктөрү, сот адилеттигинин   ачык айкындуулугу  боюнча турмушка ашырылып жаткан иш аракеттер тууралуу да кенири маалыматтар берилди.

Райондук соттун төрайымы Жыпара Киналиева жана бул күнү жолугушууга катышкан судья Бакбуркан Бердибаев ошондой эле  райондук соттун жооптуу  кызматкерлери болочок муундарды  мыкты билим алууга,  мыйзамды урматтоого, кыргыз элинин  менталитетине мүнөздүү  болгон улууну урматтоо,  кичүүнү сыйлоо,  айлана чөйрөгө астейдил мамиле жасоо сыяктуу кеп-кеңештерин берип, келечекте  өлкөбүздү өнүктүрүүгө салым кошооруна ишенгендиктерин билдиришти.

Мындан соң  иш чаранын биринчи бөлүгү суроо жооп иретинде уланып, окуучулар  өздөрүн кызыктырган  отуздан ашуун суроолорго  жоопторду алышты. Мында окуучуларды кызыктырган негизги суроолор сот өндүрүшүндөгү кабыл алынган чечимдер,  келечекте юрист кесибине ээ болуунун  жол жоболору, сот бийлигинин структурасы  тууралуу  болду.

Окуучуларын  жетектеп келген мектептин   мугалими Кайыргүл Темирова  өткөрүлгөн иш чара окуучулар үчүн абдан пайдалуу болгонун айтып,  ыраазычылыгын билдирүү менен дагы ушул сыяктуу  жолугушууларды түзүп берүүнү райондук соттун жетекчилигинен  сурап, мезгил-мезгили менен  ачык эшиктер күнү же   тегерек стол  форматында уюштуруу боюнча да макулдашылды.

Жолугушуунун аягында райондук соттун аппарат башчысы Райкангүл Сламова  иш чаранын катышуучуларын өздөрү иштеп жаткан имарат  жана андагы иш бөлмөлөр менен  таныштырып чыкты.  .

Б.Белеков

  Нарын облустук сотунун

   басма-сөз катчысы