Кара – Буура райондук сотунун төрайымы Асель Эсенгулова Талас облусунун Кара – Буура районундагы Токтогул Бабанов атындагы лицей-интернатына барып «Жаштар арасындагы кылмыштуулук» деген темада лекция  окуду.

Лектор  аталган окуу жайдын 10-11- класстардын окуучуларынын алдында сүйлөп , БУУнун «Балдардын укуктары жөнүндө» конвенцияны ишке ашыруу маселелери; Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодекси; балдардын укугун коргоо чөйрөсүндөгү болуп жаткан өзгөрүүлөрдү жана жетишкендиктерди  белгиледи. Ошондой эле, аудитория менен жаштар арасында кылмыштарды жасоо себептери, тенденциялар жана көйгөйлөрү Талас облусунун аймагы боюнча талкууланды.

Райондук соттун  төрайымы А. Эсенгулова жаштар арасындагы кылмыштуулукка токтолуп, кылмыш жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылган балдарга карата соттук практикада болуп жаткан өзгөрүү маселелерин түшүндүрүп берди.

Мындан сырткары, лектор экстремизм жана терроризмге байланыштуу азыркы замандагы чакырык менен коркунучтарга жаштардын көңүлүн бурду. Экстремистер көпчүлүк учурда ишенчек, алсыз, аң сезими толугу менен калыптана элек, эпке көнгүч жаштарды тартаарын эскертти.

Талкуулоонун жыйынтыгында терс кырдаалдарга учурабаганга же андай нерселерден арылууга тыянактар жасалды, анткени мыйзамсыз жосундардын же аракеттеринин кесепеттеринен  жашы жете элек балдардын  турмушу бузулат.

Иш  чаранын соңунда, соттун төрайымы, окуу жайдын жетекчилигине бул жолугушууну уюштуруп бергенине ыраазчылык билдирип, окуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

 

Назгүл Кулушева,

Талас облустук сотунун басма сөз катчысы