Мектеп окуучуларынын арасында тандаган кесибине багыт  берүү , сот тутумунун аткарган милдетин   коомчулукка жеткирүү жана өсүп келе жаткан муундардын укуктук билимин жакшыртуу иш чарасынын алкагында Нарын райондук соту ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Нарын районундагы  Орток жана Дөбөлү айылдарынан келишкен  жогорку класстын окуучуларын    райондук соттун  төрагасы Эркин  Мамбеталиев кабыл алды.

Иш чаранын алгачкы бөлүгү жолугушуу  форматында уланып, ага райондук соттун судьясы   Руслан Калдыбаев  жана    бөлүм башчы  Дайра Токсобаева  катышты. Райондук соттун төрагасы Э.Мамбеталиев келген окуучуларга жергиликтүү сот   жана сот өндүрүшү  тууралуу    маалымат берип, жаш өспүрүмдөр арасындагы болуп жаткан кылмыштуулуктун арты  өкүнүчтүү кесепеттерге  алып келип жатканы боюнча   айрым  турмуштук мисалдарды  келтирип, мындай терс көрүнүштөрдөн жаштардын алыс болуусун айтуу менен, бүгүн мында келген окуучуларга  келечекте мамлекетибиздин мыкты уул–кыздарынан болуусуна ишеним артарын  билдирди.

— Кайсы кесиптин ээси болбогула келечекте укуктук жалпы билим силерге пайдасын гана алып келет, андыктан  ар дайым билимиңерди көтөрүп, улам жаңы бийиктиктерди багындыруу менен өз келечегиңерди мыктылап түзө аласыңар,- деди судья Р. Калдыбаев өз сөзүндө. Ал эми    бөлүм башчсы  Д.Токсобаева ар бир сот өндүрүшүнө келген иштер канцеляриядан башталарын, андыктан иш кагаздары менен иштөө эң жооптуу милдет экендиги жөнүндө айтып  берди.     Жолугушуунун жүрүшүндө  окуучулар өздөрүн кызыктырган  айрым суроолорго  жооп алышты.

Ал эми иш чаранын соңунда анын  катышуучуларын  сот имараты, андагы  иш тартиби, сот өндүрүшүнүн алып барылышы тууралуу   райондук соттун  жардамчысы   Гүлзар Шаршеева  тааныштырып чыкты . Өз кезегинде  окуучулар бүгүнкү  таанышуу иш чарасы алардын турмушунда  биринчи жолу болуп жатканын андыктан    пайдалуу маалымат алышкандыгын бир ооздон билдиришти.

 

                                                                                                                                                                                             

    Б.Белеков   Нарын облустук сотунун

      басма сөз катчысы