Жыл сайын 1-июнь күнү бүткүл дүйнөдө  Балдарды коргоонун эл аралык күнү майрамдалып келет. Бул күнү  жер шарындагы бардык балдар жашоого жана бактылуу балалыкка укуктуу экенин элдердин эсинен чыгарбоо керектигин жар салган майрам десек болот. Себеби, биздин кичинекей бөбөктөр коргоого жана белгилүү бир эркиндиктерге муктаж. Ансыз балдар үчүн мээримдүү, адилеттүү, жоопкерчиликтүү жана гумандуу коом түзүү мүмкүн эмес.

Өлкөбүздө 1-июнь шаңдуу маанайда өтөт: концерттер, конкурстар, викториналар жана башка көңүл ачуучу программалар уюштурулат. Бул майрамда Каракол шаарында да бир катар иш-чаралар, ар түрдүү кайрымдуулук акциялар жана концерттер өткөрүлмөкчү.

Ар жылы  Ысык-Көл областтык сотунун жалпы жамааты Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган кайрымдуулук акцияларына катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энеси жок балдарга материалдык жардам көрсөтүп келишет.

Бүгүн, 1-июнда Ысык-Көл областтык сотунун судьялары Медер Жаныбеков, Анара Омуралиева жана соттун апартатынын кызматкерлери «Путь к мечте» мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын  реабилитация  жана адаптация борборунун жана «Кыялкечтер» коомдук бирикмесинин тарбиялануучулары менен жолугушуп, майрамы менен куттукташты. Аларга бекем ден-соолук, бактылуу балалык, жаркын келечек каалап, белектерди жана оюнчуктарды тапшырышты.

Жогоруда айтылган мекемелердин жетекчилери Динара Мамытова жана Миргуль Турдумамбетова соттун жалпы жамаатына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы

                                                                 Гульзада Аширбаева