Резюме: 1983-1985  Ташкент юридикалык техникуму  студенти,1985-1990   Кыргыз Мамлекеттик университети        студенти,1990-1996   Ош шаардык соту         төраганын жардамчысы, 1996-1998     Юридикалык кеңеш берүүсү жактоочу, 1998-2003  Ош облусунун Арбитраждык соту        судьясы,2003-2013-ж. чейин         Ош облусунун экономикалык иштер боюнча район аралык соту     судьясы, 2013-2015 Кыргыз Республикасынын Жогорку соту   судья  23.09.2015-ж. тартып азыркы учурда         Кыргыз Республикасынын Жогорку соту        төрайым.

Үч уул бир кыздын апасы.

  -Кыргызстанда сот системасын реформалоо тууралуу көп айтылат. Чынында эле реформага муктажбы, Сиздин оюңуз кандай?

— Албетте  жашоо  бир  огунда  турбагандай  эле, жыл  өткөн  сайын  заманбап талаптар, иштөө ыкмасы, элдин  талабы өзгөрүп  турат. Бул  агымдан  сот тутумунда  артта калбашы керек.  Мен  Сизге, өлкөдөгү сот тутумундагы реформанын алкагындагы жетишкендиктерди жана жыйынтыктарды айтаардан мурда, кандай гана реформа болбосун коомчулуктун түшүнүүсү, колдоосу жок жүргүзүлгөн реформа максатына жетпейт деп  айтат  элем.

Чынын айтканда, 2010-жылы жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен сот тутумун реформалоонун жаңы этабы башталган. Белгилүү болгондой, соттук реформаны улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊеши тарабынан Мамлекеттик максаттуу программасын иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынып, стратегиялык документти иштеп чыгуу боюнча сот, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик бутактарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун курамы бекитилген.

Өз кезегинде жумушчу курам, сот тутумун өнүктүрүү стратегиясынын негизги багыттарын аныктоо максатында функционалдык анализ жүргүзүп, сот тутумунун күчтүү жана алсыз жактарын, соттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл экенин, сот тутумунун өнүгүүсүнө тоскоол боло турган тобокелдиктерден жана коркунучтардан кутулуу жолдорун аныктап, жыйынтыгында «2018-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын долбоорун иштеп чыкты.

Максаттуу программа Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин ишке ашыруу жаатындагы стандарттарга шайкеш келүүгө умтулуусу, ошондой эле маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен шартталган жаңы милдеттерди чечүүгө багытталууда. Быйылкы жылдын 4-кварталынан баштап сот процесстерин аудио жана видеого жазууну киргизүү каралууда. Бул иш чаралар сот жыйналыштарынын протоколдорунда сот процесстеринин фиксациясынын анык эместигине даттанууларды жокко   чыгарат.

Ошондой эле  сот системасынын приоритеттүү багыттарынын бири электрондук сот өндүрүшүн киргизүү. Электрондук сот өндүрүшү сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого өбөлгө түзүп, бюрократиялык көрүнөштөрдү жоюп, сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылып, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюп,  арыз берүүчүлөр менен сот системасында иштегендердин ортосундагы байланышты төмөндөтүп, жыйынтыгында соттордун, сот аткаруучулардын  ишин оптималдаштырат.

  Сот тармагын өтө коррупцияланышкан тармактардын арасына кошуп жүрүшөт. Учурда аны алдын алуу жана жоюу боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?

— Коррупцияга аралашкан судьялардан тазаланыш керек деген пикирди толугу менен колдойм. Ар бир коррупционер   мыйзам чегинде жоопко тартылышы зарыл. Азыркы учурда коомубуздагы көйгөйлүү маселе – жемкорлук болуп жаткандыгы ачуу чындык.    Бирок, коррупция менен күрөшүү бул тиешелүү укук коргоо органдарынын функционалдык милдеттерине кирет, алар ар бир   факты  боюнча иш алып баруусу зарыл. Ал  эми сот тутумунда  бул багытта коррупцияны алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Дагы белгилей кетүүчү маселе, корупцияга каршы комплекстүү иш жүргүзүү абзел. Ошондуктан жарандарды биргелешип иштөөшө чакырат элем.

-Соттор айрым убактарда бийликтин гана буйрутмаларын аткарган орган катары сыпатталат. Соттор бийликке көз карандыбы?

— Кыргыз  Республикасынын Конституцияна ылайык, Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчиликке тартылат.

Мага кандайдыр  бир  иштер  боюнча  өтүнүч менен  кайрылган эч  ким болгон эмес.  Судьялардан  да кийлигишип жатат  деп расмий  түрдө  ооз эки  же кат  түрүндө кайрылышкан эмес, ошондуктан  фактысы  жок курулай сөздү айтуудан алысмын. Эгерде  андай  фактылар болсо, сөзсүз тиешелүү укук  коргоо органдарына  кайрылуу керек. Эгер далилденсе, ким болбосун, коомдо кандай орунду ээлебесин мыйзамдын негизинде жоопко тартылат.

Кайсы мекемеде болбосун аткарылып жаткан иштин натыйжалуулугу кадрларга байланыштуу эмеспи. Сот системасында  иштеген кадрлардын квалификацияларын жогорулатуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-Албетте, андай  иш-чаралар  бизде  үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.    Үстүбүздөгү жылы “Материалдарды жана  сот иштерин тариздөө, даярдоо жана иреттөө”, “Сот тумунун кызматкеринин кесиптик жана кызматтык эмес ишмердүүлүгүндө Мамлекеттик кызматкердин этикалык стандарттык жүрүм  туруму”, “Сот тутумунда коррупцияга  бөгөт коюу жана алдын  алуу чаралары” боюнча семинарга 34 кызматкер  катышты. Бир катар жаңы колдонууга кирип жаткан  жана кирүү  алдында  турган мыйзам кодекстери боюнча кыркка жакын кызматкер окушту. Мамлекеттик тил боюнча окууларга 30дан ашык адам катышып, тиешелүү  тест  тапшырып,  сертификатка ээ болушту. Ал  эми Мамлекеттик кадр кызматы  тарабынан  уюштурулган окуулардан жыйырмадан ашык аппарат  кызматкери квалификацияларын жогорулатышты. Алыскы  жана  жакынкы чет  өлкөлөргө  да ыңгайына  жараша кызматкерлерибизди жөнөтүп турабыз. Алар чет мамлекеттерден алып келген тажрыйбаларын бул жактагы кесиптештери менен бөлүшүп турушат.

Сот системасында кызмат өтөгөн адам кандай сапаттарга ээ болушу керек?

-Эң алгач элдер менен сүйлөшө алган, өзүн кармаганды билген адам болушу керек. Анткени, сотко элдер  ар кандай  ортодо пайда болгон жаңжалдарды чечүү үчүн келишет эмеспи. Ошон үчүн аларды  уга билген  адам тосуп алгандыгы  маанилүү. Кээде, талаш-тартыш маселелеринин жагдайларын түшүндүрүп жатып, адам өзү туура иш кылдыбы же жокбу түшүнө баштайт. Ушундай учурда судья   үчүн  эрктүүлүк керек. Анткени, чечимди судья чыгарат да. Бул жерде  кесипкөйлүүлүк аздык кылат.  Ошол кесип жүктөгөн  жоопкерчиликке дагы судья даяр болушу керек.

 

С. Султаналиев

 

Булак: ММКызмат газетасы.№23 (254) 5-июнь, 2018-жыл