“ Сот тутумунун  эффективдүүлүгү, көз карандысыз сот бийлиги орногондо,  сотко болгон коомдун ишеними жогору болгондо,  ачык-айкындуулук, инфраструкураны модернизациялоо жана  жаңы технологияларды киргизүү менен камсыз  болот.  Мына ушулардын бардыгы  2017-2022-жылдарга эсептелген  Мамлекеттик максаттуу программада камтылган”, — деп билдирди  Бишкек шаардык райондор аралык сотунун судьясы Гульжан Есеналиева.

Мамлекеттик программа  судьялардын айлык маянасын жогорулатууга багытталган эмес.  Каралып жаткан бюджет  соттордун аппараттарынын  эффекивдүүлүгүн жогорулатууга,  инфраструктураны модернизациялоого,  автоматташтыруу жана  сот процесстерин аудио жана  видео менен камсыздоо, ошондой эле  электрондук  сот адилеттигине жетишүү үчүн каралган. Есеналиеванын айтымында,  бардык сумма республикалык бюджетке  эсептелген. Анткени,  мындай сумманы  эл аралык донорлордун  эсебинен ишке ашырууга мүмкүн эмес.

 Жумушчу топтун мүчөсү жана  Чүй облусунун райондор аралык сотунун судьясы Нурлан  Султаналиев  максаттуу программа  эл аралык тажрыйбалардын негизинде  иштелип чыгып,  адилеттүү сот тутумун  түзүүгө багытталгандыгын айтты.

 “Биз  көз карандысыз жана адилеттүү  сот тутумун түзүүгө багытталган  оптималдуу документ иштеп чыгууга аракет кылдык. Программанын бардык  иш чаралары  сот  ситемасындагы коррупцияны жана анын пайда болуу жолдорун жоюуга багытталган. Бул өз кезегинде  сот тутумуна  жана коомчулукка  акыйкат системаны орнотууга көмөктөшөт”, — деп белгиледи Нурлан Султаналиев.

Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) сот реформасы боюнча кеңешчиси  Дастанбай Айжигитовдун пикири боюнча,   сот адилеттигине жетишүү үчүн  программада каралган  соттордун аудио жана видео менен камсыз болушу жана соттор менен болгон байланыштарды азайтуу керек.

“Бул программа сот тутумуна  компетенттүү кадрлардын келишин шарттап,  сот органдарынын ишмердүүлүгүн ачык-айкын көрсөтөт, өзгөчө ЖМК үчүн. Пландалган жана  иш жүзүндөгү бюджетти  көзөмөлдөп, чыгымдарды көрүп турууга болот. Программада  ар бир сотто  өзүнүн басма сөз катчысы жана  вебсайттары болот деп жазылган. Эң маанилүүсү,  сот процесстеринен түз жана жазылган видео көрсөтүүлөр болуп, алар сайтка жайгаштырылат. Ал жерде статистика, ачык маалыматтар,  албетте, соттук актылар   жайгаштырылып турат ” , — деп кошумчалады Айжигитов.

  Көз карандысыз эксперт  Мадина Давлетбаеванын айтымында,  жаңы максаттуу программада   электрондук сот өндүрүшү жана көз карандысыз  сотторду камсыз кылуу боюнча коомчулуктун  сунуштары камтылгандыгы кубантат.

“Жакында эле мен  Жогорку соттун сайтында процессуалдык эмес кайрылуулар боюнча маалыматтарды көрүп калдым. Эгер  максаттуу программанын алкагында бул практика толук ишке кирсе, сот органдарына болгон басым тууралуу сөздөр азаят эле, өзгөчө ЖМКда”.

Программанын алдын ала бюджети 12.4  млрд сомду  түзөт. Бирок бул сумма өкмөт тарабынан дагы каралып чыгат.  Учурда  мамлекеттик  органдардан жана өкмөттүк эмес уюмдардан  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолрду киргизүү боюнча сунуштар түшүп жатат. Өкмөт менен макулдашылгандан кийин, бул программаны Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңеши тарабынан кабыл алынышы  күтүлүүдө.

“Буга чейин 2014-2017- жылдарга эсептелген биринчи мамлекеттик максаттуу программанын алкагында эле   сот органдарына  болгон каржылоонун бюджети  2 % жогорулашы каралган болчу. Бирок,  бүгүнкү күндө бул 1.15% түзүүдө”, — деп билдирди Гульжан Есеналиева. Анын айтуусу боюнча,  2021-2022- жылдарга сот тутумунун  ишин камсыз кылуу үчүн  2% каржылоого жетишүү болооруна ишеним болуп жатат.

Стратегиялык документти иштеп чыгууга сот, мыйзам жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү  катышып, алар мыйзамдуулук, кадр, социалдык кепилдик,  коррупциялык көрүнүштөр жана  судьяларды жоопкерчиликке тартуу боюнча сот органдарында  функционалдык анализ жүргүзүшкөн. 2014-2017-жылдарга эсептелген алгачкы Мамлекеттик максаттуу программа  сот  бийлигине  республикалык бюджеттен   каржыны 0.42%тен  1.15%ке чейин жогорулатууга көмөктөшө алды. Жогорку сот тарабынан бул процессти  аткаруу, өз кезегинде жарымынан көп соттук актыларды жайгаштырууга,  материалдык-техникалык  камсыздоону жакшыртууга жана  сотторду окутууга жардам берди.

 Белгилей кетүүчү жагдай, ExpertCafé – бул журналисттерге эксперттик пикир алууга, маектешүүгө, сот бийлиги боюнча судьялар жана эксперттер менен байланыштарды түзүүдөгү жаңы аянтча болуп саналат. Алгачкы жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен USAID-IDLOнун        “ Ишенимдүү сот” долбоорунун алкагында болду.