Жогорку Кеңеш 6-июнда Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылы сот тутумундагы болгон иштер тууралуу маалыматын укту.

Анда төрайым Жогорку сот 2017-жылдын ичинде жана бүгүнкү күнгө чейин бирдей соттук практиканы түзүү боюнча 10 Пленумдун токтомдорун кабыл алып, алар сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга түздөн-түз таасирин тийгизерине  ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге, бирдей соттук практиканы түзүү максатында Жогорку сот заманбап технологияларды дагы колдонуп, облустук сотторго видео-конференц байланыш системалары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен соттук практика боюнча пайда болгон суроолорду жана маселелерди талкуулап, мыйзамды туура колдоонуу түшүндүрүлүп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапатын жана эффективдүүлүгүн баалоо системасы иштелип чыгып киргизилген. Бул системага ылайык республиканын ар бир судьясынын ишмердүүлүгү баардык каралган иштердин сапаты жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароосу ар бир квартал сайын бааланат. Мындай баалоо соттордун иштерди мыйзам чегинде жана өз убагында кароо боюнча жоопкерчилиги менен бирге сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жакшыртууга алып келери белгиленди.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө республикадагы биринчи инстанциядагы соттордун жүктөмдөрүнүн нормативде белгиленген көлөмүнөн 3-4 эсеге көп. Айрым соттордо бир айда бир судья 65-70 ишти карайт. Мындай жүктөм каралып жаткан ишти ар тараптуу жана тиешелүү түрдө талданбаган соттук акты кабыл алышына жана ишти создуктуруу менен чечилишине себеп болушу мүмкүн. Жыйынтыгында сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаты да жабыркоодо. Андыктан, жергиликтүү соттордун штаттык санын көбөйтүү маселеси курчууда.

Маалым болгондой,  2017-жылы биринчи инстанциядагы сотторго 201 885 иштер жана соттук материалдар түшкөн. 2016-жылга салыштырмалуу сотко кайрылуулардын саны 12,2 пайызга жогорулаган.

Анын  ичинен биринчи инстанциядагы соттор тарабынан жалпысынан  175 155 иш жана соттук материал каралган,  2016-жылга салыштырмалуу биринчи инстанциядагы соттор 9 пайызга көп иштерди жана соттук материалды карашкан.

Каралган иштердин ичинен 19 491 же болбосо 11,1 пайызы гана экинчи инстанциядагы сотуна даттанылган.

Ал эми Жогорку сотко болсо 7 799 гана соттук акт даттанылып, биринчи инстанциядагы соттор тарабынан жалпы каралган иштердин 4,4 пайызын гана түзгөн.

Жогоруда келтирилген статистика көрсөткөндөй, 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жарандардын жана юридикалык жактардын сотко кайрылуулары бир кыйла көбөйүп, алар өзүнүн укуктарын коргоодо сот органын тандашууда. Ал эми  биринчи инстанциядагы соттор тарабынан чыгарылган соттук актылардын 89 пайызы даттанылбаган жана мыйзамдуу күчүндө турат. Демек,  бул көрсөткүч чыгарылган соттук актылар менен тараптар макул экенин айгинелейт жана сотторго болгон ишеничтин көрсөткүчү болуп эсептелинет.

Коомчулукта соттор коррупцияга малынган деген пикирлер айтылууда. Бул багытта Айнаш Токбаева коррупцияга аралашкан судьялардан тазаланышы керек деген пикирди толугу менен колдойм-деп билдирди.  Анын менен бирге коррупция менен күрөшүү бул тиешелүү укук коргоо органдарынын функционалдык мидеттерине кирет жана алар ар бир мындай фактылар боюнча иш алып баруусу зарыл деп эсептейм-деди Төрайым.

Өз докладында Төрайым,  Жогорку сот коррупцияга каршы аракеттенүүнү формалдуу түрдө жүргүзбөстөн, бул багытта реалдуу жана комплекстүү иш-чараларды алып барып, элдин ишенимин арттыруу максатында, мамлекеттик органдар үчүн жаңы форматта тегерек стол өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн Аппараттарынын өкүлдөрү, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү, сот реформасы боюнча кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү сот системасындагы коррупцияны алдын алуу боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин киргизишип, жыйынтыгында 2018-2020-жылдарга сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш чаралардын планы иштелип чыгып, бекитилгенин айтты.

Ал эми, сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында sot.kg жана act.sot.kg интернет-сайттары туруктуу түрдө иштеп, act.sot.kg сайтында сот иштери, сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө маалымат жана соттук актылар жарыяланып турат. Аталган сайтта учурда 88 000 ден ашык соттук актылар жарыяланган.

Электрондук сот өндүрүшүн киргизүү багытында Жогорку сот донорлордун жардамы менен бир катар иштерди жүргүзүп, Аламүдүн,  Свердлов райондук сотторунда жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунду автоматташтырылган маалымат системасы же электрондук сот өндүрүш системасы ишке киргизилүүдө жана жакын арада бул система Бишкек шаарынын биринчи инстанциядагы сотторунун баарына киргизүү пландалууда. Бүгүнкү күндө Жогорку сотто иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы толугу менен киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат.